Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Жогорку соттун төрагасы: педофилия боюнча туура эмес чечим чыккан учурлар бар


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Ош облустук сотунда жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары менен жыйын өткөрдү.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады. Жыйында Базарбеков өспүрүмдөрдү зордуктоо иштери жакшы изилденбей, туура эмес чечимдер чыгып жаткан учурлар бар экенин айтты.

“Өспүрүмдөр зордукталган иштер жакшы изилденбей, Жазык жана Жазык-процессуалдык мыйзамдарды бузуу менен туура эмес токтом чыгарган учурлар аныкталган. Андыктан, ар бир ишти дыкат карап, мыйзамдуу чечимдерди чыгарышыңар керек”, - деди төрага.

Ош облустук сотуна 13 судья Бишкек шаарынан, Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарынан ротация болуп барышкан.

Жакында эле Ош облусунун Кара-Суу районунун 30 жаштагы тургуну алты жаштагы кызды зордуктаганы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды.

Алгач айыпталуучу 20 жылга соттолгон, бирок райондук прокуратура өкүмгө макул эместигин билдирип, “жазасы жасаган кылмышынын оордугуна дал келбегендиги үчүн” деп апелляциялык сунуштама келтирген. Ош облустук соту айыпталуучуну Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча айыптуу деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда бир жылда "зордуктоо" беренеси менен 250дөн ашуун иш козголуп, анын 17си гана сотко жеткен. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG