Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:54

Баткендеги маданият жана спорт объектилери республикалык бюджеттен каржыланат


Баткен.
Баткен.

Мурда жергиликтүү бюджеттен каржыланып келген Баткен облусундагы маданият жана спорт объектилери эми республикалык бюджеттен каржыланат.

Тийиштүү чечим Министрлер кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, бул чечим "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамды ишке ашырууга багытталган.

Буга чейин Баткен облусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу үчүн 2022-жылга бюджеттен 500 млн. сом бөлүнгөн.

Былтыр 28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган. Эки өлкө бирин-бири айыптап, кылмыш иштери козголгон.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG