Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:49

Украина: Кременчугга түшкөн ракетадан кеминде 13 киши набыт болду


Өрт өчүрүүчүлөр ракета тийген соода борборунун жанында. Кременчуг, 27-июнь 2022-жыл
Өрт өчүрүүчүлөр ракета тийген соода борборунун жанында. Кременчуг, 27-июнь 2022-жыл

Украинанын Полтава облусундагы Кременчуг шаарындагы соода борборуна тийген Орусиянын ракетасынан кеминде 13 киши өлүп, 50 киши жарадар болду. Бул тууралуу облустук аскер администрация башчысы Дмитрий Лунин кабарлады.

Украина бийлиги орус күчтөрү аткан ракета “Амстро” соода борборуна тийип, имарат толук өрттөнүп кеткенин билдирди.

Президент Владимир Зеленскийдин Телеграм-каналына жайгаштырган видеодо өрт чалган борборду көрүүгө болот. Видео ошол жерден тартылганбы же жокпу, азырынча бышыктоо мүмкүн эмес. Президент сокку “миңден көп киши топтолгон соода борборго урулганын”, канча киши каза тапканын “элестетүү да кыйын” деп билдирди.

“Ал жай орус армиясына коркунуч жараткан эмес, эч кандай стратегиялык мааниси жок. Катардагы адамдардын нормалдуу жашоо аракети орустардын кыжырын келтирип жатат”, - деп жазды украин мамлекет башчысы.

Көптөгөн далилдерге карабай, Москва жарандык объектилерди бутага албаганын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG