Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Базар баасына көзөмөлдү күчөткөн мыйзам долбоору сунушталды


Бишкектеги базарлардын бири.
Бишкектеги базарлардын бири.

Экономика жана коммерция министрлиги өлкөдөгү базар баасын көзөмөлдөөдө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын ыйгарым укуктарын кеңейткен мыйзам долбоорун сунуштады.

Ага ылайык, буга чейинки мыйзамда керектүү товар, азык-түлүк бир ай ичинде 20% кымбаттап кеткен учурда гана бааны көзөмөлдөөгө болот деген норма алынат. Монополист ишканалардын баа саясатын көзөмөлдөөгө да укук берилет.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 28-июндагы жыйынында мыйзам долбоорунун зарылдыгын түшүндүрдү.

“Бирдиктүү эреже кирип жатат. Буга чейин баа 20% өткөнчө күтүп отура берип бизге бир топ сын пикир айтылып келген. Азыр ал норма алынып жатат. Баа өсө баштаганда эле өкмөттүн чечими менен иштей баштайбыз. Буга чейин үстөмдүгү 35% өткөн субъектилерге жөнгө салуу жок болчу. Азыр аларды дагы бааны негиздүү көтөрүп жатабы же жокпу текшеребиз”, - деди Тайлаков.

Бул өзгөртүүлөр “Баа түзүү жөнүндө” жана "Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорунда каралууда.

Украинадагы Орусия баштаган согуш бүтүн дүйнөдө кымбатчылыкты күчөттү. Кыргызстанда азык-түлүк баасы кескин өсүүдө. Кыргыз өкмөтү кумшекерди сыртка чыгарууга жарым жылга чектөө киргизди. Акыркы кезде анын килограммы 100 сомго чыкты. Расмий бийлик кампаларда азык-түлүктүн 5,5 айга жетерлик кору бар экенин айтып, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG