Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:51

Бишкекте поезд коюп кеткен бала каза болду


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Бишкекте поезд коюп кеткен 18 жаштагы бала ооруканада каза болду. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, бала поезддин сигналын укпай койгон. Машинисттин поездди токтотууга кылган аракетинен майнап чыккан эмес. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бишкекте поезд тебелеп кеткен учурлар маал-маалы менен катталат. 2021-жылы декабрь айында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишине жакын жердеги темир жолдо пакистандык студентти тепловоз коюп кетип каза болгон. Пакистандын элчилиги Министрлер кабинетин бул окуяны тез арада иликтеп, жарандын өлүмүнүн себебин айтууга чакырган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG