Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:14

Amnesty International: Литвада мигранттарга катаң мамиле кылышат


Мигранттар убактылуу кармоочу жайда. Казитискис, Литва. 12-август 2021-жыл
Мигранттар убактылуу кармоочу жайда. Казитискис, Литва. 12-август 2021-жыл

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Литвадагы лагерлерде отурган качкындардын шарттарын изилдеп чыкты. 27-июнда жарык көргөн докладда ал жакта баш калкалаган мигранттар зомбулукка, расизмге, катаң мамилеге туш болгону айтылат.

Уюмдун кызматкерлери Камерун, Конго, Ирак, Нигерия, Сирия жана Шри-Ланка жарандарын сөзгө тарткан. Укук коргоочулардын айтымында, алардын көбү лагерлерге күч менен жайгаштырылгандыктан, саясий башпаанек сурап кайрыла алышпайт. Айрымдары аларды сабашканын, жаман сөздөр менен сөгүшкөнүн, санитардык шарттар начар экенин, толук медициналык жардамга жете албаганын айтып беришкен.

Лагерлердин бири мурдагы түрмөдө орун алган, башкасы футбол тааласында жайгашкан, жүздөгөн мигрант транспорттук контейнерлерде жашайт.

Amnesty International Евробиримдик Литванын миграциялык мыйзамдарын европалык стандарттарга төп келтирүү үчүн аракет көрбөй жатат деп эсептейт.

Былтыр Литва парламенти мигранттар тууралуу мыйзамды өзгөртүп, саясий башпаанек алуу үчүн зарыл болгон негиздемелердин санын азайткан. Депортацияга жол ачкан пункттар тескерисинче көбөйтүлгөн.

Европадагы миграциялык кризис бир жыл мурда курчуган. Шаркеттин өкүлдөрү беларус лидери Александр Лукашенко Жакынкы Чыгыштан атайлап миңдеген мигрантты алып келип жатат деп билдиришкен. Келгиндер Польша, Литва жана Латвияга өтүүгө аракеттенишкен. Дипломаттар муну менен Лукашенко Батыштын санкциялары үчүн өч алууну көздөгөн деген пикирде.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG