Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:51

Ошто жер маселесине байланыштуу митинг өттү


Озгурдагы жер боюнча жолугушуу, Ош шаары. 28-июнь, 2022-жыл.

Ош шарына караштуу Озгур айылынын элүүдөй тургуну жер маселесине байланыштуу мэриянын алдында митинг өткөрүштү. Алар жеке колго өтүп кеткен үлүш жерин алты жылдан бери кайтарып ала албай жатышканын айтышууда.

Нааразылыкка чыккандарды мэр Алмаз Мамбетов кабыл алып, суроо-талабын укту.

2016-жылдан бери "Түштүксуукурулуш" акционердик коому жана Озгур айылынын тургундары Кара-Суу району менен Ош шаарынын чектешкен аймагындагы 80 гектар жер кайсы тарапка тиешелүү экенин чече албай келатышат.

Кара-Суу райондук мамкаттоо башкармалыгы буга чейин Ош облустук эл депутаттарынын Кара-Суу райондук кеңешинин аткаруу комитетинин 1980-жылдын 25-сентябрындагы №435 чечиминин негизинде 80 гектар жер "Түштүксуукурулуш" акционердик коомунун жеке менчиги катары мамлекеттик каттоого алынып, өндүрүштүк жана турак жай багытында жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт 2016-жылдын 5-декабрында берилгендигин билдирген.

Озгур айылынын тургундарынын жер талашы боюнча соттук териштирүү 2017-жылдын февраль айында башталган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG