Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Оштогу эл менен ишкананын жер талашы


Озгур айылынын тургундары. 16-февраль, 2020-жыл.
Озгур айылынын тургундары. 16-февраль, 2020-жыл.

Оштун Озгур айылынын тургундары жеке колго өтүп кеткен үлүш жерин кайрып ала албай соттошуп келе жатышат. Учурда жерге ээлик кылып турган «Түштүксуукурулуш» акционердик коому «жерди басып алууга аракет кылып жатышат» деп айыл тургундарына кине коюуда.

Ош шаарынын Озгур айылынын тургундары ушул жылдын 16-февралында талашка түшкөн жер маселесин чечип берүүнү жергиликтүү бийликтен талап кылып чыгышты.

2016-жылдан бери «Түштүксуукурулуш» акционердик коому жана Озгур айылынын тургундары Кара-Суу району менен Ош шаарынын чектешкен аймагындагы 80 гектар жер кайсы тарапка тиешелүү экенин чече албай келатышат. «Озгур» айыл чарба бирикмесинин жетекчиси Эмилбек Эргешов талаштуу жердин таржымалын мындайча түшүндүрдү:

Эмилбек Эргешов.
Эмилбек Эргешов.

«Бул аймак - 1993-жылы азыркы Жапалак айыл өкмөтү «Кеңеш» акционердик коому болуп турганда жер жана агрардык реформанын негизинде Озгур айылынын тургундарына тийген кайракы, айдоо жана чөп чабынды жер. Ушул жерибизди ошол жылдан бери максаттуу пайдаланып, жер салыгын төлөп келе жатабыз. Бүгүнкү күндө «Кыргызгипрозем» мамлекеттик долбоорлоо институтунун базасында айыл чарба багытындагы жер катары көрүнүп турат. 2016-жылы Кара-Суу райондук мамкаттоо башкармалыгы элдин үлүш жеринен 126 гектар жана 80 гектар жерге эки мамлекеттик акт берген. 126 гектар жерге берилген мамлекеттик актыны эки жыл мурда Жогорку сот жокко чыгарган. Калган 80 гектар жердин талашы ушу күнгө чейин сотто каралып бүтпөй жатат».

Озгур айылынын тургуну Жусуп Бөрүбаев талашка түшкөн аймакта үлүш жери бар экенин, аны көп жылдан бери пайдаланып, жер салыгын төлөп жатканын билдирди:

«Бул жерде менин да пайдаланып жаткан жерим бар. Озгурда төрт миңден ашуун эл жашайбыз. Сугат жерден 0,02 сотыхтан, кайрак жерден 0,04 сотыхтан жер тийген. Бул аз келгенсип эми жерибизди тартып алып, айдоо жерге үй салып жатышат. Биз буга нааразы болуп чыктык».

«Түштүксуукурулуш» ишканасынын өкүлү Нурмухаммед Ибрагимов «мекеменин менчигиндеги 80 гектардан ашуун жерди Озгур айылынын тургундары мыйзамсыз басып алууга аракеттенип жатат» деп билдирди. Анын айтымында, талашка түшкөн жерди териштириш үчүн курамында Мамлекеттик каттоо кызматынын, «Кыргызгипрозем» мамлекеттик долбоорлоо институтунун, Кадастр жана кыймылсыз мүлктү каттоо департаментинин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлүп, эки ай иликтеп, аталган жер Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашканын аныктаган.

«Түштүксуукурулуш» ишканасынын өкүлү Нурмухаммед Ибрагимов жерге болгон менчик укугун тастыктаган тийиштүү документтер бар экенин кошумчалады:

Нурмухаммед Ибрагимов.
Нурмухаммед Ибрагимов.

«1980-жылы «Түштүксуукурулуш» ишканасына мурдагы Калинин колхозунун (Азыркы Шарк айыл өкмөтү) 2290 жумушчуларынын жалпы жыйынында 87 гектар жер бөлүнүп берилген. Ал чечимди Кара-Суу эл депутаттарынын аткаруу комитети, Ош облустук аткаруу комитети бекиткен. Бул токтомдор бүгүнкү күнгө чейин күчүндө, аны эч ким жокко чыгарган эмес. Ошонун негизинде Кара-Суу мамкаттоо башкармалыгы бизге мамлекеттик акт берген. Кара-Суу райондук соту сегиз ай иликтеп, биздин пайдабызга чечим чыгарып берди».

Кара-Суу райондук мамкаттоо башкармалыгынын юристи Сапар Арапбаев Ош облустук эл депутаттарынын Кара-Суу райондук кеңешинин аткаруу комитетинин 1980-жылдын 25-сентябарындагы №435 чечиминин негизинде 80 гектар жер «Түштүксуукурулуш» акционердик коомунун жеке менчиги катары мамлекеттик каттоого алынып, өндүрүштүк жана турак жай багытында жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт 2016-жылдын 5-декабрында берилгендигин билдирди:

«Бизге «Түштүксуукурулуш» акционердик коому Кара-Суу райондук кеңешинин аткаруу комитетинин 1980-жылдагы чечими, эл депутаттарынын Ош облустук кеңешинин 13-ноябарь 1980-жылдагы №549 чечими, Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин 13-август 1980-жылдагы №342-Р буйругунун негизинде жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт даярдалып, каттоодон өткөрүү боюнча арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде тийиштүү иштер жүргүзүлүп, каттоодон өткөрүлдү».

Талашка түшкөн аймак.
Талашка түшкөн аймак.

«Озгур» айыл чарба бирикмесинин жетекчиси Эмилбек Эргешов Ош облустук эл депутаттарынын Кара-Суу райондук кеңешинин аткаруу комитетинин 1980-жылдын 25-сентябрындагы №435 чечими күчүн жоготту деп эсептейт. Ал бул маселени учурда сот териштирип жатканын айтты. Эмилбек Эргешовдун айтымында, Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы талашка түшкөн 80 гектар жерди 2000-жылдан бери Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын карамагында тургандыгын билдирген.

«1980-жылда чыккан токтом эч жерде катталбаптыр. Кыргыз ССРинин 1971-жылкы Жер кодексинин 23, 24-беренесинин негизинде аталган жерге укук таануучу документ алынып, укук каттоочу мекемеге катталышы керек болчу. 1991-жылкы жер реформасы күчүнө киргенде укук таануучу документтерди каттоого уруксат берилген. Ошондо да катталган эмес. Совет мезгилинде иштеткенби же жокпу, биз билбейбиз. Бирок Кыргызстан эгемендик алгандан кийин бир жолу да басып келбей, бул жерди иштеткен эмес. Жердин салыгын төлөгөн эмес. Бул соттук териштирүүнүн кагаздарында көрүнүп турат. «Түштүксуукурулуш» ишканасына Кара-Суу мамкаттоосу курулуш багытында мамлекеттик акт берген. Ал жер айыл чарба багытында турат», - деди ал.

Депутат Абдывахап Нурбаев Жогорку Кеңеште талаштуу жер маселесин көтөрүп, Жогорку соттун төрайымына, башкы прокурорго кат жазганын билдирди:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

«20 жылдан ашуун убакыттан бери эл бул жердин салыгын төлөп иштетип келе жатат. Анан эле төрт адамдын кызыкчылыгы үчүн бул жерди майдалап бөлүп сата башташканы туура эмес. Элдин кызыкчылыгы жогору турушу керек. Бир эле соттун чечими менен жеке адамдарга өтүп кетиши туура эмес. Мен деле таң калып турам, «кантип эле соттор ушундай чечимдерди чыгарып жатышат» деп. Керек болсо соттордун жоопкерчилигин да караш керек. Мындай боло берсе элде нааразылык күчөйт».

Ошто «Түштүксуукурулуш» акционердик коому менен Озгур айылынын тургундарынын жер талашы боюнча соттук териштирүү 2017-жылдын февраль айында башталган. Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов бул иш аягына чыга элек экенин, келерки соттук отурум ушул жылдын 25-февралына белгиленгенин билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG