Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

ЖК комитети акыйкатчыга нааразылардын арызын кийинки жыйында карайт


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитети акыйкатчы Атыр Абдрахматовага каршы жазылган арызды келерки жыйында караганы жатат. Бул тууралуу комитеттин төрагасы Медер Алиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 28-июнда карала турган маселе Абдрахматова чет өлкөдө сапарда болгонуна байланыштуу жылдырылды.

"Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш акыйкатчыны жана анын орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматтан алат. Маселе алгач комитетте каралып, кийин палатага чыгарылат. Бизге акыйкатчынын орун басары "жумушумдан кетем" деп арыз жазган экен. Ошол эле учурда иштеги кырдаал начар деп да айтып кетиптир. Бүгүн биз акыйкатчыны дагы чакырып, пикирин угалы дегенбиз. Ал чет мамлекетте акыйкатчылардын жыйынында жүргөн экен. Комитеттин бир топ мүчөлөрү эмне болгонун акыйкатчыдан дагы угалы деген сунуш киргизип, ушундай чечим чыкты. Менимче, бул иш учурунда эле жаралган жагдай окшойт".

Мунун алдында омбудсмендин орун басары Гүлнара Жамгырчиева баштаган бир катар кызматкерлер иштен кеткени белгилүү болуп, акыйкатчыга сын пикирлер айтылган.

Атыр Абдрахматова дооматтарга байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берип, муну институтту жаңылоо аракети, ишке талап күчөгөнү, бюрократияны азайтуу аракети менен түшүндүрдү.

"Мен жаңы шайланып жатканда депутаттар жаңылоо, аппаратты тазалоо талабын койгон. Билесиңер, буга чейин акыйкатчынын ишине көп сын пикир айтылып келген. Институттагы буга чейин калыптанып калган кайдыгерлик, "отписка", арыздарды эптеп жаап койгон өңдүү форматты өзөртүп жатам. Мен муну аппаратка башында эле ачык айткам. "Адам укугун коргогусу келген, кичинекей арыз болсо дагы ошол жердеги адамдын укугун коргоого мүмкүнчүлүк таап, аягына чыгармайынча иш, арыз жабылды деген болбойт деген баалуулук жүрөгүндө болгон адам гана бул институтта иштей алат" деп айткам", - деди акыйкатчы.

Абдрахматованын айтымында, ал кызматка келгенден бери 18 кызматкер жумуштан кеткен.

Буга чейин саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу акыйкатчынын эки орун басары Альберт Колопов менен Гүлнара Жамгырчиева ишин аткаруудан убактылуу четтетилген.

Юрист, 41 жаштагы Атыр Абдрахматова бул кызматка март айынын башында шайланган.(КЕ/ЕВМ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG