Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

Казакпаевдин өлүмү: акыйкатчынын орун басарлары ишин аткаруудан убактылуу четтетилди


Марат Казакпаев.
Марат Казакпаев.

Саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу акыйкатчынын эки орун басары Альберт Колопов менен Гүлнара Жамгырчиева ишин аткаруудан убактылуу четтетилди. Бул маалыматты акыйкатчы Атыр Абдрахматова "Азаттыкка" ырастады.

"Казакпаевдин жубайы былтыр кайрылганда Омбудсмен институтунан аракетсиздик, мыйзам бузуу болгон деп, 6-июнда менин атыма арыз менен кайрылган. Ошонун негизинде кызматтык иликтөөнүн алкагында ишин аткаруудан эки орун басар тең убактылуу четтетилди. Ошол кезде экөө тең Казакпаев боюнча иш алып барган", - деди Абдрахматова.

56 жаштагы саясат таануучу Марат Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган.

Казакпаевдин өлүмүн президент Садыр Жапаров түзгөн комиссия иликтеп жатат. Комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеп, ага маркумдун жакындары, тийиштүү мекеме өкүлдөрү, акыйкатчы Атыр Абдрахматова кирген.

Мунун алдында Акыйкатчы институту маркумдун өлүмүн иликтеп чыгуу үчүн мекеме аралык комиссия түзгөн. Ага акыйкатчы аппаратынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Жаза аткаруу кызматынын, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун, “Кыйноолорго каршы коалиция”, "Кылым шамы", "Жарандык союз" уюмдарынын өкүлдөрү кирген.

Жарандык коом бул үчүн УКМК жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрүшкөн.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG