Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:26

Күрөш (U-23): Айпери Медет кызы мөөнөтүнөн мурда Азия чемпиону болду


Архив сүрөт. Норвегиянын Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынан коло байге алган Айпери Медет кызын тосуп алуу учуру. 10-октябрь, 2021-ж. "Манас" эл аралык аэропорту.
Архив сүрөт. Норвегиянын Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынан коло байге алган Айпери Медет кызын тосуп алуу учуру. 10-октябрь, 2021-ж. "Манас" эл аралык аэропорту.

Кыргызстандык Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында мөөнөтүнөн мурда алтын байгеге ээ болду.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта беш балбан кыз айлампа тартибинде күрөшүп жатат. Түшкө чейин болгон таймаштарда Айпери Медет кызы төрт атаандашын ири эсеп менен жеңгени үчүн мөөнөтүнөн мурда алтын байге алары белгилүү болду.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка ылайык, алгач монголиялык Сарнай Байарбатаарды (3:1), 2-айлампада индиялык Бипаша Бипашаны 10:0, 3-айлампада өзбекстандык Озода Зарипбоеваны 10:0, 4-айлампада Казакстандык Инкара Жанатаеваны 12:0 эсебинде утуп, алтын байге алары мөөнөтүнөн мурда белгилүү болду.

Бул салмакта күмүш жана коло байге ала тургандардын тизмеси 5-айлампадагы эки таймаштын жыйынтыгы менен аныкталат.

Күрөштүн бул түрүнөн 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова алтын байге үчүн күрөшөт. Ал индиялык Аржу Аржуну (11:1), өзбекстандык Азода Есбергенованы (10:0) утуп алган. Алдыда 3-айлампада казакстандык Албина Кайргелдинова менен күрөшөт. Ошондой эле 59 килограмм салмакта Сезим Жуманазарова коло байге алат. Ал эми Арууке Кадырбек кызы менен Назик Мирлан кызы акыркы айлампадагы беттештери болот. Алардын коло байге алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Бүгүн кыз-келиндер күрөшүнөн сырткары грек-рим күрөшүнөн үч салмакта таймаштар өттү. Азат Салидинов (87 кг) алтын байге үчүн күрөшсө, Эрмек Каныбек уулу (63 кг) акыркы айлампадагы атаандашын утса күмүш байге алат. Ал буга чейин эки беттеш өткөрүп, индиялык балбанга утулуп, түркмөн атаандашын жеңген. 55 килограмм салмакта Урмат Муктарбек уулунун айлампа тартибиндеги акыркы бир беттеши бар. Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.

Күрөштүн бул түрүнөн Кыргызстандын курама командасында учурда үч алтын, төрт күмүш байге бар.

23-июнда алтын медалды Адилхан Нурланбеков (72 кг), Акылбек Талантбеков (77 кг) жана Бексултан Назарбаев (82 кг) алса, күмүш байгелерди Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг), Аманат Самат уулу (67 кг), Данияр Шеримбеков (97 кг) жана Эрлан Манатбеков (130 кг) алды.

Күрөш боюнча 17 жана 23 жаштагылар арасында Азия чемпионаты 19-июнда башталган. Таймаштар “Бишкек-Арена” музмайданында өтүп жатат. Буга чейин 17 жашка чейинкилер арасында таймаштарда кыргызстандык балбандар алты алтын, бир күмүш жана алты коло байге алган.

Айпери Медет кызы 23 жашта. Быйыл апрель айында Монголияда өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында алтын медал тагынган. Ошондой эле Азия чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси. Азия оюндарынын (2018-ж.) жана Дүйнө чемпионатынын коло байгелерин (2021-ж.) уткан. Кыздар арасында (кадеттер) дүйнө чемпионатында коло, жаштар арасында дүйнө чемпиону (2017-ж.). 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатында коло (2019-ж.) жана алтын медал тагынган (2021-ж.). Жаштар арасында Азия чемпиону (2018-ж.). Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG