Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:31

Бишкекте кумарканага байланыштуу мыйзамга кол койбоону президенттен суранышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын айрым тургундары Максим Горький атындагы гүлбакта митинг өткөрүп, президент Садыр Жапаровдон кумарканаларды кайра ачууга уруксат берген мыйзам долбооруна кол койбоону суранышты. Алар бул мыйзам кабыл алынса, ондогон кишилердин тагдыры бузуларын белгилеп жатышат.

"Бийликтин ээси - эл. Ар бириңиздер пикириңиздерди билдирсеңиздер азыркы иштерди токтотуп калышыбыз мүмкүн. Урматтуу Садыр Нургожоевич, сизди элдин 80% элдин үмүтүн актайт деп шайлаган. Сиз тескери кылып жатасыз. Азыр дагы кеч эмес, 59 депутат кабыл алып берген мыйзамды артка кайтарып, вето коюңуз. Патриот болуп сүйлөгөн депутаттар, силер өз элиңерге, келечегиңерге саткындык кылдыңар. Эртең казиного өзүнөрдүн жакындарыңар, бир тууган, айылдашыңар барбайт деп эч кимиңер кепилдик бере албайсыңар", - деди өзүн Алинур деп тааныштырган митингдин катышуучусу.


Парламент 22-июнда Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдогон. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт койгон.

Президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кумарканаларды кайра ачуу өлкөнүн бюджетин толтурууга керек экенин айтып келишет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG