Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:57

АКШ Украинага дагы төрт HIMARS системаларын жөнөттү


АКШнын HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системаларынын атылган учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШнын HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системаларынын атылган учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттар Украинага кошумча аскердик жардам берүү үчүн 450 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу Пентагондун өкүлү Жон Кирби атайын брифингде маалымдады.

Жаңы аскердик жардамдын ичинде төрт HIMARS (High Mobility Artillery Rocket System) жапырт аткылоочу реактивдүү системалары, 18 катер, 36000 артиллериялык дүрмөт, ошондой эле гранатомёт жана пулемёттор бар.

Жон Кирби белгилегендей, Украинадагы согуш башталгандан бери Вашингтон ага 6,1 миллиард долларлык аскердик жардам берди. АКШ Конгресси мурдараак президент Жо Байдендин Киевге 40 миллиард долларлык көмөк кылуу сунушун жактырган. Мындан сырткары Кошмо Штаттардын Украинага курал жеткирүүсүн жеңилдеткен ленд-лиз механизми кабыл алынган.

23-июнда Украинанын коргоо министри Алексей Резников АКШ жөнөткөн алгачкы төрт HIMARS куралдары Киевге келип түшкөнүн маалымдаган.

АКШнын президенти Жо Байден алгач HIMARS системаларын Киевге берүүдөн баш тарткан. Вашингтон кийин кайра макулдук берип, украин бийлиги бул куралды Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонбоо убадасын бергенин жарыялаган.

Украина Орусиянын агрессиясына каршы туруу үчүн оор артиллериялык курал-жаракка муктаж экенин билдирип келет. Алар башка өлкөлөрдөн 300 чакырымга чейин атылчу курал сураган. HIMARS системалары ушул аралыкка чейин ата алат, бирок 80 чакырымга чейин жогорку тактыкта бутаны жок кылат.

Орусиянын күчтөрү украин жергесине 24-февралда басып кирген. 24-июнда согуштун башталганына толук төрт ай болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG