Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

“Чоң жети” орус мунайынын баасына чек киргизүүнү сунуштады


Германиядагы саммит учурунда. 27-июнь, 2022-жыл.
Германиядагы саммит учурунда. 27-июнь, 2022-жыл.

“Чоң жетинин” лидерлери Орусиянын Украинага кол салуусун “мыйзамсыз жана негизсиз” деп айыптап, согуштан жабыркаган өлкөнү калыбына келтирүүгө каражат чогултуу үчүн эл аралык конференция өткөрүүгө убада кылды.

Германияда аяктаган саммиттин жыйынтыктоочу билдирүүсүндө жетекчилер украин буудайын алып чыгуу орустардын блокадасына туш болгон чакта глобалдык алкактагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесине да кайрылышты.

Жыйындын катышуучулары буга чейин Орусияга салынган санкцияларды кармап туруу, Владимир Путинге жана өнөктөшү Беларуска саясий жана экономикалык кысымды күчөтүү тууралуу билдиришкен. Саммиттин аягында лидерлер ошол убадасын бекемдешти.

Ошондой эле “Чоң жети” башка өлкөлөрдү да орус мунайынын импортун чектөөгө кошулууга, белгиленген чектен ашкан баага алынган мунай продукциясын ташыбоого үндөдү.

Топко кирген АКШ, Британия, Япония, Канада, Франция, Германия жана Италия орус мунайына толук же жарым-жартылай эмбарго киргизишкен. Бирок дүйнөлүк рынокто баа өскөнү, Москванын кирешеси азайган жок. Лидерлер Орусияга аскердик агрессиясынан киреше табууга жол бербей турганын белгилешти.

Жыйын катышуучуларына дүйшөмбүдө украин президенти Владимир Зеленский кайрылуу жолдогон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG