Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Орусия АКШ президентинин жубайы Жил Байденге жана кызы Эшлиге санкция салды


Жил Байден. Словакия, 8-май, 2022-жыл.
Жил Байден. Словакия, 8-май, 2022-жыл.

Орусия санкциялык тизмеге АКШнын дагы 25 жаранын киргизди. Арасында президент Жо Байдендин жубайы Жил жана кызы Эшли бар.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги сайтына жарыялаган маалыматка ылайык, бул кадам "АКШ орусиялык саясий жана коомдук ишмерлердин “кара тизмесин” кеңейтип жатканына жооп катары" кабыл алынды.

Санкция Конгресстин мүчөлөрүнө, сенаторлор, философ жана политолог Фрэнсис Фукуямага салынды. Орусиянын жазалоочу чараларына кабылган америкалыктардын жалпы саны ушуну менен 1048 кишиге жеткенин “Интерфакс” агенттиги жазды.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Вашингтон санкциялардын бир нече пакетин кабыл алган. Анын ичинде президент Владимир Путин менен кыздарына, тышкы иштер министри Сергей Лавровго, өкмөт башчы Михаил Мишустинге санкция салынган. Алар асыресе Комшо Штаттарга бара албайт.

Июнду башында ал "кара тизмени" ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова, миллиардер Алексей Мордашов менен үй-бүлөсү, виолончелист Сергей Ролдугин аялы менен толуктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG