Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

Бурятияда аялдар күйөөлөрүн согуштан кайтарууну талап кылышты


Күйөлөрүн согуштан кайтарууну талап кылган бурятиялык аялдар.
Күйөлөрүн согуштан кайтарууну талап кылган бурятиялык аялдар.

Бурятияда аскерлердин жубайлары жумурияттын жетекчиси Алексей Цыденовго видео кайрылуу жолдоп, күйөөлөрүн үйлөрүнө кайтарууну талап кылышты. Кайрылууну жаздыргандардын бири Вера Партилхаева "Сибирь.Реалии" редакциясына айтып бергендей, январда “машыгууга” жөнөтүлгөн аскерлер азыр Украинада жүрөт.

“24-февралдан бери алар атайын операцияга катышууда. Чаалыгып-чарчашты, моралдык жактан да алы жок калды. Бардыгы жеңил же орто контузия алган”, - деп айтышат аялдар.

Партилхаева социалдык тармактардагы баракчасына: “Бардыгы коркушат, оозуңарды жапкыла деген команда берилген. Бул адилетсиз согушта курман болгон ар бир жоокердин өлүмү силердин абийриңерде! Балдарыбызды, күйөөлөрүбүздү мекенине кайтаргыла!” – деп жазды.

Анын айтымында, кайрылууну Тацинск танк бригадасында кызмат өтөгөн аскерлердин аялдары жаздырды. Ал бригададан кеминде 30 киши мерт кеткени маалымдалган.

"Сибирь.Реалии" кабарлагандай, июндун ортосуна дейре бурятиялык 184 жоокердин согушта набыт болгону бышыкталган. Бул жагынан жумурият Орусияда экинчи орунда турат. Орус Коргоо министрлиги бул статистиканы расмий комментарийлебейт. Аялдардын кайрылуусуна бийлик реакция кыла элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG