Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Сот Октябрь окуясы боюнча Атамбаев баштаган саясатчыларга өкүмдү угузууда


Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча соттук териштирүү бүтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден башка айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөдү. Шектүүлөр күнөөсүз экенин айтып, аларга коюлган айыпты толугу менен алып салууну соттон өтүнүштү. Сот айыпталуучулардын бардыгын угуп бүтүп, өкүмдү окуй баштады.

Мунун алдында мамлекеттик айыптоочу тарап Алмазбек Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга абакка кесүүнү сураган. Мындан сырткары айыпталып жаткандардын бардыгын күнөөлүү деп таап, жети жылдан тогуз жылга чейин камоону соттон өтүнгөн. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 374-беренеси (“Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук”) боюнча айыпталууда.

Октябрь окуясына байланыштуу жети саясатчыга айып тагылган. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, жансакчысы Канат Сагынбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана саясатчы Өмүрбек Бабанов. Бабановдун иши өзүнчө бөлүнүп тергелди.

28-июндагы сотко Атамбаев менен Бабановдон башка бардык шектүүлөр катышты. Прокурор айыпталуучу сот жараянына катышуусу зарыл экенин айтып, отурумдун түштөн кийинки бөлүгүнө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинген. Атамбаев буга каршы болуп, буту менен темир тосмону тепкиледи. Жыйынтыгында кайтаруучулар (конвойлор) аны сот залынан алып чыгып кетишти.

2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча баштапкы соттук угуу былтыр октябрь айында башталган. Айыпталуучулар Октябрь окуясы боюнча кылмыш ишинде саясий өңүт бар экенин айтып келишет. (BTo/КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG