Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Сот Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчисин абакта калтырды


Мээрим Тилекова.
Мээрим Тилекова.

Ысык-Көл облустук соту убактылуу кызматтан алынган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси, Караколдогу тергөө абагында жаткан Мээрим Тилекованы абакта калтырды. Анын бөгөт чарасы 28-июнда каралганын облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Тилекованын ден соолугу начар экенин айтып, жакындары үй камагына чыгарууну өтүнгөн.

Буга чейин Каракол шаардык соту 15-июнда Тилекованы бир айга камоо тууралуу чечим чыгарган.

Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кармалганын 17-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы ырастаган жана ага карата тергөө жүрүп жатканын маалымдаган.

12-майда Жети-Өгүздө медайымдардын кесиптик майрамына карата кафеде иш-чара өткөнүн, мурда орун басарынын катчысы болуп иштеп кеткен Тилекованы УКМК кызматкерлери ошол жерден кармап кетүүгө аракет кылганын, ага карата күч колдонуу коркунучу болгонун “Азаттыкка” министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.

13-майда УКМК Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору 100 500 сом пара алып жаткан жеринен кармалганын жарыялаган. Министр ал акчаны медайымдар кафеге чогултканын билдирген.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG