Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:19

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун өлкө ичиндеги баштапкы маршруту белгиленди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттө Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоору талкууланды. Кеңешме Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги менен 28-июнда өткөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев темир жолдун курулушу, Торугарт–Макмал–Жалал-Абад каттамы боюнча жайгаша турган баштапкы маршруту тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, долбоордун тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу быйыл декабрь айында аяктайт.

Өкмөт башчысы Акылбек Жапаров жолду куруу Кыргызстан өзгөчө маани бере турган уникалдуу долбоор экенин, тийиштүү мамлекеттик органдар даярдык иштерин өз мөөнөтүндө жүргүзүүсү зарыл болорун белгиледи.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу – үч өлкөнүн темир жолдорун жана андан ары карай Перс булуңундагы мамлекеттерди, Түркияны Европа темир жол тармагы менен туташтыруу үчүн долбоорлонгон магистраль. Аны куруу долбоору көптөгөн жылдардан бери талкууланып келе жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG