Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Депутат машиненин айнегин караңгылатуу баасын төмөндөтүүнү сунуштады (видео)


Автоунаанын алдыңкы терезесин караңгылатып жаткан айдоочу.
Автоунаанын алдыңкы терезесин караңгылатып жаткан айдоочу.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу акысын арзандатууну сунуштады. Ал парламенттин 29-июндагы отурумунда сүйлөп жатып Министрлер кабинети бекиткен азыркы бааны кымбат деп эсептей турганын айтты.

«Баасын 80 миң сом деп бекитишти. Бул жерде теңсиздик болуп жатат. Баарында эле мындай мүмкүнчүлүк жок. Караңгылатуунун баасы машиненин кыймылдаткыч көлөмүнө жараша берилсе болмок. Мисалы, бирден экиге чейин 20 миң, экиден үчкө чейин 40 миң, үчтөн төрткө чейин 60 миң, бештен жогору 80 миң болуп кала берсин», - деди депутат.

Машинанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга бир жылдык уруксат алуу үчүн 80-120 миң сом акы төлөө бекитилген. Айнекти караңгылатууга уруксат жеңил машиналарга гана берилет, такси айдагандарга мындай уруксат жок. Уруксаты жоктор кармалса 20-40 миң сом айыппул төлөөгө милдеттүү. Ал эми арткы айнектерди караңгылатууга уруксат буга чейин эле бар болчу.

Алдыңкы айнектер боюнча сунушту өкмөт киргизген жана буга чейинки тыюу салган эреже иштебей келгенин, каалоочулар жең ичинен акча төлөп коюп, ансыз деле караңгылатып жүргөнүн айткан жана жемкорлуктун бул түрүн жоюу максаты коюлуп жатканын белгилеген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG