Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Депутаттын мандатын чакыртып алуунун жол-жобосу сунушталды


Жогорку Кеңеш. Архив.
Жогорку Кеңеш. Архив.

Парламент 29-июндагы жыйынында “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатат. Демилгечилердин бири, депутат Марлен Маматалиев эл өкүлдөрүнүн мандатын чакыртып алуунун жол-жобосу таттаалдаштырылганын билдирди. Анын айтымында, мандаттан ажыратуу үчүн бир мандаттуу округдан 50 миң, партиялык тизме 70 миңдей шайлоочусунун колу болушу керек.

“Мандатты эл бергендей кийин эл чечет. Депутаттын позициясына карап мандаты чечилип калбашы керек. Бир мандаттууларга өзүнүн округундагы шайлоочулардын 50% колу керек. Ал шайлоочулар ошол округда бир жылдай жашашы шарт. Бир күндө кол койгон кишилерди бир аймакка каттатып алышы мүмкүн. Уюштуруучу топ Юстиция министрлигине билдирүү калтырышы шарт. Бир мандаттуу округдан 50 миңден ашык кишинин кол топтолуп, Жогорку Кеңешке келет. Парламентте комиссия түзүлүп, жалпы жыйында чечим кабыл алынат. Ал эми партия боюнча келген депутаттын мандатын алуу үчүн өлкө аймагындагы 70 миңдей кол чогултулат. Жогорку Кеңешке келгенге чейин партия дагы чечимин чыгарат”, - деди Маматалиев.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган. Ал Баш мыйзамда депутатты чакыртып алуу жобосу кошулган.

Парламенттин VII чакырылышынын депутаттары 2021-жылдын 29-декабрында ант берген. Анда бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланып келди. Алтынчы чакырылышта 120 депутат болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG