Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин дарбазасына кызыл боек чачып кеткен адам изделүүдө


Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги. Архивдик сүрөт.
Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги. Архивдик сүрөт.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин дарбазасына кызыл боек чачып кеткен адамды издөө иштери жүрүп жатканын 29-июнда “Азаттык” радиосуна Бишкектин Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 27-июнга караган түнү болгон. Белгисиз бирөө дарбазага боек чачып, качып кеткен.

Факт райондук милицияда каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү жана тийиштүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Быйыл февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин бул өлкөнүн айрым чет мамлекеттердеги элчиликтерине кызыл боек чачып кетишкен окуялар буга чейин да катталган.

Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы бул окуя боюнча бейтарап позицияны карманып келе жатат.

Бишкектеги элчиликтин жанында бир нече жолу активисттердин согушту айыптаган акциялары уюштурулган. Кийин Бишкекте орус-украин согушуна байланыштуу тынч жыйын, митинг же башка акция өткөрүүгө 1-июлга чейин тыюу салынган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG