Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:59

Next TV директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин камак мөөнөтү узартылды


Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев. 2022-жылдын 29-майы.
Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев. 2022-жылдын 29-майы.

Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин бөгөт чарасы дагы узартылды. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 3-августка чейин камакта калтырылды. Мындай өтүнүч менен сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кайрылганы маалым болду.

Быйыл 3-мартта кармалган, ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурган жетекчинин бөгөт чарасы ушуну менен үчүнчү жолу каралып, мөөнөтү узартылып жатат.

Атайын кызмат быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган. Тергөөнүн пикиринде, телеканал Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган. Каналдын жетекчилиги жабылуусун көз каранды эмес эл аралык маалымат каражаттарынын берүүлөрүн чыгарып келгени менен байланыштырган.

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым деп бааласа, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев такталбаган маалыматты таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген.

Next TV жетекчилиги телеканалдын ишине тоскоолдук жаратып жатышканын айтып, муну көз каранды эмес эл аралык маалымат каражаттарына эфирин берип жатканы менен байланыштырууда.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG