Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Бишкектеги райондордун аталыштарын өзгөртүү сунушталды


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкек шаардык кеңешинин 29-июндагы жыйынында депутат Таалайбек Усубалиев калаанын төрт районунун аталышын өзгөртүүнү сунуштады.

Ал райондун азыркы аттары моралдык жактан эскирип, тарыхый миссиясын аткарды деп эсептейт. Улуттук идеологияны жайылтуу үчүн кыргызча аттарды ыйгаруу керек экенин айтты.

Депутат Свердлов районун – Чыңгыз Айтматов же Манас, Биринчи майды – Турдакун Усубалиев же Жусуп Абдрахманов, Октябрды – Байтик баатыр же Сүймөнкул Чокморов, Ленин районун – Абсамат Масалиев же Исхак Раззаков району деп өзгөртүүнү сунуштады.

Буга чейин коомчулукта да Бишкектеги райондордун атын кыргызча атоо сунуштары айтылып келген.

2022-жылы Бишкек шаарынын 144 жылдыгын белгиленди. Кыргызстандын борбору - Бишкек шаары 1878-жылы негизделген. Калкы бир миллиондон ашкан шаардын жалпы аянты 16 миң гектарды түзөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG