Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Өкмөт үйүнүн алдында казиного каршы акция өтүүдө


Казиного каршы акциянын катышуучулары.
Казиного каршы акциянын катышуучулары.

Бүгүн 29-июнда Өкмөт үйүнүн алдында Кыргызстанда казино ачууга каршы акция өтүүдө. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, акцияга онго чукул адам катышууда.

Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.

Өкмөттүн кумарканаларды кайра ачуу тууралуу сунушу 22-июнда парламентте экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат "макул", тогузу "каршы" болгон. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан беш депутат добуш берген эмес. (BTo/RK)

XS
SM
MD
LG