Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Салык кызматынын лотереясы алкагында 212 соодагерге айыппул салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Салык кызматы жарыялаган лотерея өнөктүгүнүн алкагында кардарлардан түшкөн арыз-даттануулардын негизинде ишкерликтин 212 субъектине административдик айыппул салынганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясы расмий жарыяланган 10-майдан бери 4739 даттануу арыздары түшкөнү, алардын көпчүлүгү текшерилип чыкканы маалымдалды.

Арыздардын көбү сатуучу кассалык чек бербегенине, көзөмөл-кассалык аппаратынын (ККМ) жоктугуна жана лотереянын Интернеттеги расмий тиркемесинин иштөөсүнө байланыштуу болгон.

212 айыппул ККМ колдонулбаганына жана чек берилбегенине байланыштуу салынды.

Өкмөт салыктардын бюджетке түшүүсүн жакшыртуу максатында соодагерлерден чек талап кылуу үчүн кардарлар арасында атайын лотерея жарыялаган, анын алгачкысы 1-июлда ойнотулганы жатат. Жеңүүчүлөргө эки автомобиль, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 тиричилик техникасы жана башка байге тапшырылары убада кылынууда. Бүгүнкү күнгө карата 60 миңдей кардар жалпысынан 3 миллиард сомдон ашуун суммага (1 миң сом – бир билет) жазылган кассалык чектерди сканерден өткөрүп, 3 миллионго жакын электрондук лотереялык билетке ээ болуп турушат.

Өкмөттүн соода жайларында ККМ киргизүү аракети ишкерлердин каршылыгын жаратууда. Нааразылык акциялары Бишкекте жана аймактарда бир нече жолу уюштурган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG