Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:57

Жазуучу Султан Раев ТҮРКСОЙдун баш катчысы болуп дайындалды


Султан Раев.
Султан Раев.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Раев Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп дайындалды.

Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Түркиянын Бурса шаарында өтүп жаткан ТҮРКСОЙ уюмунун кезектеги жыйынында белгилүү болду.

2022-жылы Бурса шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп белгиленген. Аталган жыйынга Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов менен жазуучу Султан Раев катышкан. Жыйында Жаманкулов ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчылыгына Султан Раевдин талапкерлиги буга чейин көрсөтүлгөнүн кабарлаган.

Белгилей кетсек, быйыл Бурса шаарында Көчмөндөр оюну өтөт.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын маданият министрлери тарабынан 1993-жылы түзүлгөн. Аталган уюмду буга чейин казакстандык коомдук ишмер Дүйсен Касеинов жетектеп келген.

ТҮРКСОЙ өз ишмердүүлүгүн Түрк Кеңеши, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду менен биргеликте жүргүзөт. Ошондой эле ТҮРКСОЙ бирдей принциптерди жана максаттарды көздөгөн ЮНЕСКО жана ИСЕСКО менен кызматташат. Мындан тышкары ТҮРКСОЙ көптөгөн муниципалитеттер, университеттер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен ар кандай кызматташтык боюнча иш-чараларын жүргүзөт. (MZh)

XS
SM
MD
LG