Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Садыр Жапаров аймактагы коркунучтар тууралуу эскертти


“Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учак.
“Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учак.

Президент Садыр Жапаров 31-мартта Ысык-Көл облусунда Куралдуу күчтөрдүн "Калкан-2022" атайын тактикалык машыгуусуна катышты. Анда сөз сүйлөп, аймактагы ар кандай коркунучтардын алдын алуу иш-аракеттерин коңшу мамлекеттер менен чогуу жүргүзүү керек деп эсептерин билдирди.

"Өзүңүздөр билесиздер, азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтары көп кырдуу жана аймактар аралык мүнөздө. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, айрыкча Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу террордук жана диний-экстремисттик коркунучтардын жогорку деңгээлде сакталып турушу өзгөчө кооптонууга алып келет. Бул коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган эмиссарлардын жана согушчан топтордун өлкө аймагына кирип келүү ыктымалдыгы, алардын жашыруун аракеттери менен шартталган. Эл аралык терроризмге каршы күрөшүүнүн негизги шарттарынын бири мыйзамсыз куралчан түзүмдөрдү күч менен басуу тажрыйбасы менен радикалдуу күчтөрдү жана террордук көрүнүштөрдү алдын алуу саясатынын айкалышы болуп саналат. Биз коркунучтардын алдын алуу боюнча иш-аракеттерди бардык коңшу өлкөлөр менен биргеликте жүргүзүшүбүз керек деп эсептейбиз. Биздин өлкө бардык кошуна өлкөлөр менен тынчтык жана ынак коңшулук саясатын жүргүзүп, региондогу туруктуулуукту сактоо үчүн болгон күч-аракетин жумшап келет", деп билдирди Жапаров.

Ысык-Көл облусундагы "Эдельвейс" окуу борборунда бул машыгууда “Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учактары колдонулду. Президенттин басма сөз кызматы "машыгуунун негизги максаты - мамлекеттик чек ара тилкесинен өтүп келген шарттуу душманды жок кылуу боюнча күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттеринин ырааттуулугун иштеп чыгуу", экенин билдирди.

Өткөн жылдын аягында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматына "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттары тапшырылган.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн аптада учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен машыгуу өтөрүн айткан.

Расмий бийлик Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 миллион доллар бөлгөнүн жарыялаган.

“Байрактар” – чалгын жана сокку уруу максатында колдонулуучу, орто бийиктикте, узак убакыт уча ала турган учкучсуз аппарат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG