Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Зеленский Орусияга санкцияларды күчөтүүгө чакырды


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 31-мартта Австралиянын парламентине видео кайрылуу жасап, Орусияга жаңы жана күчтүүрөөк санкцияларды салуу керектигин айтты.

Ал Москва өзөктүк куралды колдонуу менен шантаж кылып жатканын белгилеп, Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алганы үчүн жана Украинанын чыгышындагы жикчил күчтөрдү колдогону үчүн убагында жазаланбай калганын айтты.

"Эгер дүйнө 2014-жылы кылгандары үчүн Орусияны жазалаган болсо, 2022-жылы Украинаны басып алуу аракети болмок эмес", - деди Зеленский.

Австралиянын өкмөтү Украинага 25 миллион доллар өлчөмүндөгү аскердик жардам көрсөтө турганын жарыялады.

Буга чейин Австралия Украинага коргонуу жабдыктарын жана гуманитардык жардам жөнөткөн. Мындан тышкары Орусиядан айрым металлдарды экспорттоого тыюу салган. Ошондой эле расмий Канберра Орусиянын 443 жаранына, анын ичинде президент Владимир Путинге жана 33 мекемесине санкция салган.

Орусиянын армиясы Украинага 24-февралда басып кирген. Москва “Украинанын демилитаризациясын жана денацификациясын көздөйбүз” деп билдирген. Расмий Киев жана эл аралык коомчулук Орусиянын эгемен өлкөгө кол салганын кескин айыптап, Москвага болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG