Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Батыш Орусияга санкцияларды күчөтүп, Украинага жардамын көбөйтмөй болду


НАТО саммитинин катышуучулары. 2022-жылдын 24-марты, Брюссель.
НАТО саммитинин катышуучулары. 2022-жылдын 24-марты, Брюссель.

Батыш лидерлеринин Бельгиянын борбору Брюсселде жыйынтыкталган саммиттеринде Орусиянын аскердик агрессиясына каршы бирдиктүү жооп катары бул өлкөгө карата жаңы санкцияларды киргизип, Украинага аскердик жана гуманитардык жардамды көбөйтүү макулдашылды.

24-мартта Брюсселде НАТО, «Чоң жети» жана Европа Биримдиги уюмдарынын саммиттери өттү, анын катышуучуларына кайрылуусунда Украина президенти Владимир Зеленский колдоону күчөтүүнү суранды.

АКШ президенти Жо Байден Орусиянын Украинага кол салуусу аталган үч уюмдун ички биримдигин бекемдегенин айтып, Кошмо Штаттар санкциялар тизмесин кеңейткенин, ага орусиялык коргоо тармагынын ондогон ишканалары, Мамлекеттик Думанын 328 депутаты жана бул өлкөнүн ири каржы мекемеси болгон Сбербанктын жетекчиси киргенин маалымдады.

Ошону менен катар Байден АКШ Украинага гуманитардык жардам катары кошумча 1 миллиард доллар бөлүп жатканын айтты.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Евробиримдиктин санкциялары күчөтүлсө согуштун токтотулушун тездетсе болорун белгиледи.

Германия жана Нидерланд азыркы санкцияларды кайра карап чыгуу үчүн убакыт ала турмай болушту.

Ал эми Польша жана Балтика өлкөлөрү Орусияга карата чара көрүүнү улантуу керектигин айтышты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG