Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Баткен: Тажик тарап кыргыз чек арачыларынын автоматын кайтарып берди


Баткен. Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен. Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажик тарап Баткенде Кыргызстандын чек арачыларынан тартылып алынган АК-74 автоматын кайтарып берди. Бул тууралуу 24-марттын кечинде Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, автоматты чек арачылардан тажик жарандары тартып алышкан.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тажик тарап кыргыз аскерлерине таандык радиостанцияны издөөнү уланта турганын да билдирди.

24-мартта, кыргыз тарап билдиргендей, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде курал колдонулган чыр чыккан. Баткендин Лейлек районуна караштуу Борбордук айылында кызмат өтөп жаткан кыргыз аскерлери кампалардын биринде жүк менен турган Hyundai Porter машинесин аныкташкан. Айдоочу машинасын териштирүү үчүн чек арачылардын коштоосунда айдап баратып Арка-Борбордук жолунда 15-20 тажик жараны чогулган жерден таштап качкан. Чогулган тажик жарандары кыргыз аскерлерин кармоого аракет кылышкан. Кыргызстандын “Жаңы-Жер” чек ара бекетинин башчысы аскер кызматкерлеринин жана курал-жарактын тартылып алынуусуна жол бербөө үчүн бир нече жолу эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Тажикстандыктар кыргыз чек арачыларын кармай алышкан эмес, бирок огу жок автоматты жана байланыш каражатын тартып алышкан.

Ошол эле күнү Арка-Борбордук жолунун аймагында Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Ага эки тараптын укук тартибин коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышты.

Окуя боюнча Тажикстандын расмий органдары маалымат тарата элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG