Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:05

Балдар арасында кургак учук жугузгандар көбөйдү


Кургак учукту аныктоочу жай.
Кургак учукту аныктоочу жай.

24-март - дүйнөдө кургак учук менен күрөшүү күнү катары белгиленип келет. 2020-жылы дүйнөдө 10 миллионго чукул адамда бул инфекция аныкталып, 1,5 миллион адам көз жумган.

Ал эми 66 миллион киши оорудан айыккан. Адистердин айтымында, Кыргызстан кургак учукту эң көп жуктурган өлкөлөрдүн сап башында турат.

Адистердин эсебинде, кургак учук боюнча Кыргызстан кооптуу зона, жылына бул оору жети миңдей адамдан аныкталат. Акыркы жылдарда балдар арасында кооптуу дартты жугузуп алгандар арбыды.

Ооруну дарылоо жана аныктоо жаатында эл аралык уюмдар, ыктыярчылардын көмөгү менен жаңы ыкмалар колдонулуп келет.

Ошентсе да дартты жуктургандарды кемсинтүү, коомго аралаштырбай өгөйлөө дале күчүндө. Ушундан улам оорусун жашыргандар, ал тургай дарылануудан баш тарткандар арбын. Мунун баары кургак учуктун дарыга туруктуу формасына жол ачып жатат.

Кош бойлуу Курманжандын окуясы

27 жаштагы Курманжан Капар кызы экинчи баласы менен кош бойлуу. Азыркы тапта Курманжан кургак учуктан төртүнчү ирет дарыланууда. Ал өзүнүн диагнозу тууралуу сөз кылганда көзүнө жаш алмайын тура албайт. Улам ооруп, кыйналган жаш келин психологиялык жактан жабыркап, депрессия болгондуктан, "Кызыл ай" коомунун ыктыярчы медайымы ага көмөк көрсөтүүдө.

"2013-жылы алгач диагноз коюлуп, ооруканага жатып дарыланган элем. Жакшы болуп, айыккандан кийин турмушка чыккам. Төрөгөндөн кийин кайра 2017-жылы ооруп калдым да, ооруканага экинчи жолу жаттым. 2019-жылы оору кайра кайталанды, дагы жаттым. Азыркы тапта да дарылануудамын. Менин эң чоң катам - экинчи, үчүнчү жолу ооруганда мага жазылган дары-дармекти акырына чейин ичпей койгом. Билбейм, жаштык кылдымбы, же төрөттөн кийинки депрессиялык абалым тоскоол болдубу, айтор дарыны аягына чыгара албай калгам. Сегиз жылдан бери эле ушул оору менен алышып келем."

Нарында кургак учук жуккан бейтаптардын абалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:53 0:00

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкөдө кургак учук оорусу жаңы аныкталган бейтаптардын дээрлик 60% ашууну эркектер, 40% чукул аялдарда оору билинип, дарылануу сунушталат. Кызыгы, аялдардын арасынан ооруга чалдыккандардын көбү ал-күчкө толуп турган 18 жаштан 35 жашка чейинки кыз келиндер.

Кыргызстанда инфекциялык оору жуккан адамды өз эркине каршы мажбурлап дарылоо мүмкүн эмес. Ушундан улам дарыгерлер бейтаптар менен иштөөдө ар түрдүү ыкмаларды пайдаланып жатышат. Замира кургак учук жуккан бейтаптарды дарылаган жоопту медайым. Ал оору жуктурган адамдардын психологиялык абалы өзгөчө маанилүү экенин айтат.

"Биз ай сайын ушундай бейтаптарды чогултуп, кургак учук инфекциясынан дарыланып жаткандарга психологиялык колдоо көрсөткөнгө аракет кылып турабыз. Бул үчүн кичине тасмал жайып, чай ичкенге чакырабыз. Оору жугуп, толук кандуу дарылануусу аяктаган бейтаптар да жаңы аныкталгандарга жакшы жардам бере алышат. Себеби, көп учурда оору жуктургандардын аягына чейин дарыланууга эрки жетпей калышы мүмкүн. Менин эсимде, ошондой чогулуштардын бирине абдан жаш, сулуу кыз келген. Ал аябай ыйлап, башында эч нерсе айта албай, катуу депрессияда эле. Улам-улам жолугушууларга чакырып жатып, акыры ал оорусунан айыгып, биздин топко ыраазычылык айткан эле".

"Коңшу керебеттеги адамдын өлүмү жашоомду өзгөрттү"

Кургак учукту дарылоо алты айдан тарта бир нече жылга чейин созулушу мүмкүн. Адистер эгер бул аралыкта жазылган дары-дармекти ичпей токтотуп койсо, инфекция антибиотикке туруктуу оор формага өтүп кетиши мүмкүн экенин эскертишет. Бейтапты ооруканага жаткыруу чечимин оорунун ачык же жабык формасына карата догдур жана эпидемиологдор аныкташат. Кыргызстанда кургак учук шилекей анализи, өпкө рентгени, ал эми балдардын колунан манту реакциясын алуу менен аныкталат.

Сапар Нармаматовдо үч жыл мурда оору аныкталып, алты ай ооруканада жаткан. Стационардан чыгары менен догдурлар жазып берген дарыны ичпей койгон. Экинчи ирет ал ооруканага абдан оор абалда түшүп, реанимацияга жатып калган.

"Дароо эле реанимация бөлүмүнө алып барышты. Эки-үч күндөн кийин палатага которулдум, ошондо жашоомду түп-тамыры менен өзгөрткөн окуя болду. Палатага которулуп, кичине өзүмө келип калганда жанымда эле жаткан байке көз алдымда каза болуп калды. Мына ушул окуя мага жашоо үчүн күрөшүүмө күч берди десем болот. Кандай болгон күндө да тирүү калайын дедим, ушул оорудан айыгып чыгып, бул инфекцияга чалдыккандарга бекер жардам берейин деген ой келди. Мурда чылым тартчумун, туура эмес тамактанчумун, ачка-ток болуп жүрө берчүмүн. Мунун баарын таштадым. Эң негизгиси, өзүмдүн саламаттыгым экенин аңдадым".

Аскерден жуккан кургак учук
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00

Сапар азыркы тапта илдет жуктурган адамдарга моралдык жактан жардам берип, ыктыярчылык кылууда. Статистикалык маалыматтарга ылайык, кургак учукка Чүй облусунун тургундары көп чалдыгат. Экинчи орунда Ош облусу турат. Жалал-Абад жана Нарын кийинки сапта.

Чүй облусунун Лебединовка айылынын үй-бүлөлүк дарыгери Назима Ботоеванын айтымында, адатта бейтаптар оорусу өтүшүп кеткенде кайрылат:

"Эки жумадан ашык жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп, тердеп, алы кеткен бейтаптарды көрөр замат дароо реакция кылабыз. Алардын жашаган жерин сурайбыз, батирде турабы, үй-шарты кандай, жетиштүү тамактанабы, баарын такташыбыз керек. Мындай бейтаптарды дароо шектүү катары карап, анализдер алынат. Азыр туберкулездун жөтөлү жок эле формасы да күчөп жатат. Бейтаптын дене табы 37ге чейин эле көтөрүлүп, бир нече күн же жумалап жүрө берет. Ушул учурда анын өпкөсү катуу жабыркап жаткан болот. Дагы бир нерсени айтып коюш керек, мурдагыдай кургак учук болгонун жашырбай, же балким жанында бирөө болуп калса байланыштым эле деп кайрылгандар да көп болууда".

"Балдарда дарыга туруктуу форманы жуктургандар көп"

Бишкек шаардык кургак учук менен күрөшүү борборунун эсеби боюнча 2021-жылы 31 балада бул оору жаңы аныкталган. Алардын теңи дарыга туруктуу, өтүшүп кеткен формасы менен ооругандар. 2020-жылы Бишкектеги үч бала кургак учуктан чарчап калган.

Кыргыз медициналык академиясынын Фтизиатрия кафедрасынын окутуучусу Алтынай Байтилеева балдардагы туберкулездун өзгөчүлүгү тууралуу буларга токтолду:

"Кыргызстанды дүйнөлүк масштабдан алып карасак, туберкулездун туруктуу формасын жуктургандардын саны боюнча азыр алдыда келе жатат. Өлкөдө катары мындай дартка чалдыккандар көп болгондуктан абалыбыз кооптуу. Айрыкча балдар ушундай оор дартка учуроодо. Мындай формада ооруганда адамдын организми дарыны тоготпой калат. Ата-эне ооругандан кийин балага сөзсүз жугат. Болгондо да оор формасы жуккан кыргызстандык наристелер көбөйдү. Аларга албетте аябай оор антибиотиктерди берүүгө туура келет. Аларды балдар узак мөөнөт ичип, кыйналышат".

Саламаттыкты сактоо министрлиги былтыртан бери кургак учук ооруканаларын кыскартып, жаап жатат. Министр Алымкадыр Бейшеналиев былтыр туберкулезду дарылаган 17 стационар жабыларын айткан. Алардын бири Бишкектеги балдардын кургак учук ооруканасы.

Бишкек шаардык кургак учук менен күрөшүү борборунун дарыгери Асел Кадырованын айтымында, балдардын ооруканасын жабуу алардын ишине өз кедергисин тийгизди.

"Стационардын жабылуусу бизге таасир этти. Буга чейин да бир ооруканабызда жаап коюшкан эле. Бишкектеги Жаш Гвардия бульварындагы биздин мурдагы стационарда туберкулездун ачык, дарыга туруктуу формасы менен ооруган балдар жатчу. Азыр аларды биз үйүнөн дарылап жатабыз. Үй шартында мындай оор диагнозу бар балдарга медициналык тейлөө көрсөтүү аябай кыйын. Себеби, кургак учуктан тышкары алардын организминде дагы бир топ оор дарттар козголушу мүмкүн. Биз ооруканада балдарга дароо тамчылатма сайып, улам карап турчубуз. Азыр анте албайбыз".

"Кургак учук жукту деп мал сарайга бөлүп койгон"

Кургак учукту дарылоо жаатында Саламаттыкты сактоо министрлиги эл аралык донорлордун көмөгү менен иш алып барат. Эл аралык уюмдар ооруну жуктуруп, диагнозу аныкталган адамдарды коомдун өгөйлөөсү күч экенин белгилешет. Ушундан улам аймактарда айылдык ден соолук комиссияларынын ыктыярчылары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет.

Алардын бири Жайыл районунун Алтын айылынын тургуну Айжамал Сариева кургак учук аныкталган айылдаштарын ар түрдүү дискриминация, басынтуудан коргоп, дарыны убагында ичүүгө, догдур жазган дарылануудан баш тартпоого үндөп келет.

"Мындан бир жыл мурда бир айылдашыбыз ооруп калды. Өзү эркек киши, аны бир туугандары бөлүп, муздак сарайга колуна бир эле электр жылыткычын карматып чыгарып коюшуптур. Байкуш ачка, жашаган жери аябай начар, сыз. Колунда бир тыйыны жок. Мындай инфекциялык дартка чалдыккандар айына бир ирет ооруканага барып, шилекейинен анализ тапшырып турушу керек да. Ооруканага барганга да жол киреси жок экен. Биз айылдык ден соолук комиссиясынын мүчөлөрү акча чогултуп, аны таза, жылуу үйгө киргиздик, ооруканага анализдерин тапшыртып, ысык тамак алып бердик. Дарыларын убагында ичсин деп улам көзөмөлдөп жаттык. Азыр ал сакайып кетти. Бизге ыраазычылыгын тынбай айтып турат".

Саламаттыкты сактоо министрлиги 2020-2021-жылда канча кишиге кургак учук жукканын азырынча эсептеп бүтө элек. Коронавирус пандемиясы туберкулезду аныктоого тоскоол болгон.

Эки инфекциянын белгилери окшош болгондуктан, аныктоо татаалдашып кеткен. Ал арада адистер коомдо мурда калыптанып калган туберкулез - жакырчылыктын оорусу деген түшүнүк эскиргенин, азыр бул бай-кедейге карабай эле баарында аныкталып жатканын эскертишүүдө.

Кургак учуктун негизги белгилери болуп эки аптадан ашкан катуу жөтөл жана дене табынын көтөрүлүшү эсептелет. Илдет абадан, оорулуу кишинин какырыгы, шилекейи аркылуу жугат. Ооруга чалдыккан адам сөзсүз адистин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дары-дармектерди ичиши керек.

Дарылануу мөөнөтү алты айдан бир нече жылга чейин созулат. Кургак учукка чалдыккан бейтапты айыктырса болот.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG