Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Бишкекте жоокерлердин жапырт кургак учукка кабылышы боюнча кылмыш иши козголду


Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы жоокерлердин жапырт кургак учукка кабылышы боюнча Жазык кодексинин 331-беренеси - «шалаакылык» менен сотко чейинки өндүрүш баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратура 19-мартта кабарлады.

2021-жылдын 16-мартында Куралдуу күчтөрдүн башкы штабына тиешелүү №97632 аскер бөлүгүндө 14 адам, № 7412 аскер бөлүгүнөн бир кишиден кургак учук аныкталган. Алардын баары ооруканага жаткырылган.

Бул иштин алкагында тийиштүү соттук-комиссиялык экспертизалар дайындалган. Учурда алардын жыйынтыктары күтүлүүдө.

Азыркы маалда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан ар тараптуу текшерүү иштери улантылууда.

Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себебинин бири болуп эсептелет. 2016-жылы бул оорудан 1,7 миллион адам каза тапкан, анын ичинде 250 миң наристе чарчап калган.

2017-жылдагы эсеп боюнча Кыргызстанда мурда бул дартка кабылгандардан тышкары биринчи ирет 5 616 адамдан кургак учук аныкталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG