Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 00:09

Өзгөндө белгисиз адамдар үч кишини атып кетти


Иллюстрациялык сүрөт.

19-мартка караган түнү Өзгөн шаарында автоунаада бараткан кишилерге куралдуу кол салуу катталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Анда айтылгандай, окуя шаардын Ленин көчөсүндө болгон. Жолдун четинде токтоп турган «Хонда Инспайер» үлгүсүндөгү машинеде отурган үч кишиге таңга жуук, саат 03:15 чамасында белгисиз адамдар ок чыгарган.

Кол салуудан улам 31 жана 21 жаштагы эки жаран оор жараат алып, ооруканага бараткан учурда каза болгон. 31 жаштагы дагы бир жарандын абалы оор.

Жабырлануучу Өзгөн райондук аймактык ооруканасында жатат.

Кылмышка шектүүлөр окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Аларга издөө жарыяланды. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.

25-февралда Бишкекте түнкү клубдун ди-джейин белгисиз бирөөлөр атып кеткен. 6-февралда Нарын шаарында жергиликтүү тургунду көчөдө атып атып салса, 13-январда Кара-Кулжа районунда милициянын эки кызматкерин белгисиз адамдар аткан. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG