Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Сегизбаевдин штабында иштеген Мээрим Асанова кайрадан суракка чакырылды


Мээрим Асанова, Юлия Барабина жана Нурзада Токтогулова.
Мээрим Асанова, Юлия Барабина жана Нурзада Токтогулова.

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабынын басма сөз катчысы Мээрим Асанова 19-мартта суракка чакырылды.

Ал УКМК эч кандай чакыруу кагазы жок чакырганын билдирди. Анын тарапташтары сурак 09.30да башталганын, азыр Асанова атайын кызматтын имаратынан чыга электигин билдиришти.

Асанова жана аны менен штабда чогуу иштеген күйөөсү Кутман Мукашев быйыл февралда да УКМКга сурак берген. Алар сурак кайсы иш боюнча жүргөнүн айтышкан эмес, укук коргоо органдары үйүндө тинтүү жүргүзгөнүн маалымдашкан.

Жалпысынан алты кылмыш иши боюнча шек саналып жаткан Абдил Сегизбаев азыр атайын кызматтын тергөө абагында отурат. Камакка алынардын алдында ал өзүнө козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган.

Буга чейин УКМК Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген Алмаз Үсөновду, журналист Нурзада Токтогулованы жана блогер Юлия Барабинаны да суракка алган. Өткөн жумада "Апрель" телеканалынын кабарчысы Канат Каниметов да Сегизбаевдин ишине байланыштуу атайын кызматка чакырылган. (NT)

XS
SM
MD
LG