Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:41

Бейшеналиев: Мен реформа жасап жатам


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

2020-жылдын октябрь айынан бери Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп келаткан Алымкадыр Бейшеналиевдин көпчүлүк чечимдери кызуу талкууланып, айрым учурда нааразылыктар менен коштолууда. Министрдин коронавирусту дарылоодо уу коргошунду колдонуу тууралуу жарыясы да түркүн талкууга жем таштаган. Бейшеналиев тармакта жасап жаткан иштерин реформа катары сыпаттап, анын үзүрүн эл көрөт деп ишендирип келет. Ал 1,5 жылда аткарган иштери, талаш-тартыш жараткан акыркы чечимдери тууралуу "Азаттыкка" маек курду. Уу коргошун тууралуу суроого жооп берген жок.

- Алымкадыр Савирдинович, саламаттык сактоо тармагындагы жасап жаткан иштериңиз коомчулукта түрдүү пикир жаратып келет. Жасап жаткан иштериңизди түшүндүрүп бериңизчи?

- Мен министр болуп келатканда төрт максат койгом. 38 жылдан бери дарыгер болуп иштеп, кичинекей медициналык кызматкерден баштап академикке чейин жеттим. Андыктан ооруканада эмне болуп жатканын бүт билем. 90-жылдары “Манас”, “Манас таалими”, “Ден соолук” деген программалар болуп, мурдатан түптөлгөн саламаттык сактоо системасы талкаланган. 2020-жылы жаңы жылдын астында президентке кирип, реформа тууралуу айтып бердим. Саламаттык сактоо системасын талкалаганда ар бир райондо 5-6 медициналык мекеме болуп, 5-6 башкы дарыгер, алардын орун басарлары болуп ырааттуулук бузулган. Эч кимге айтпай туруп, эки күндүн ичинде райондордогу бейтапканаларды ооруканага кошуп салдым.

Ооруканаларга бейтапканалар бириктирилип, бир районго бир башкы дарыгер кожоюн болуп калды. 200дөн ашык башкы дарыгер, алардын 400гө жакын орун басарлары бошоду. Айдоочу, катчы, эсепчилери бар болчу. Анын баары кыскартылды. Бирок бардык медицина кызматкерлерин жумушка орноштурдум. Башкы дарыгерлер кимдер болгон? Жакшы хирург, жакшы дарыгерлер болгон. Алар кайра ордуна келип иштей баштады. Пандемия тушунда бейтап каякка барарын билчү эмес. Бири-бирине шылтап стационарлар ачылбай калган. "Тез жардам" автоунааларын бөлүп кеткен. Ошонун баарын бириктирдик. Андан кийин санэпидстанцияларды бириктирдим. Жүргүзгөн реформанын жыйынтыгында 1 млрд. сом акча үнөмдөлдү. 2021-жылы 1-апрелде аймактык дарыгерлерге 100%, 1-июлда берки дарыгерлердин айлыгын 50% көтөрдүм.

- 2021-жылы кээ бир ооруканаларды бириктирип, борборлорду бөлүмгө айлантып, бир топ кургак учук ооруканаларын жаптыңыз. Бул иштериңиз дагы нааразычылык менен коштолду. Мындай чечимдерге кандай зарылчылык болду?

- Советтер союзунун тушунда эң көп каралган психиатрия болгон, андан кийин наркология болгон. Андан кийин алардын көп имараттары бошоп, алар 20% гана иштеп калган. Биз аларды коштук, эч нерсе жабыр тарткан жок. Маммология борбору Онкология институтунун ичине кирет. Борбордун ичиндеги чыр-чатак институттун ички иши. Мурда борбор деп аталчу, азыр бөлүм деп аталып, жакшынакай иштеп жатат. Жаңы жылдын астында журналисттер, башкалар эс алууга кетет экен. Ошол учурда эч кимге билгизбей дагы бир реформа кылдым. 17 кургак учук ооруканасын жаптым.

Советтер союзунун учурунда кургак учук ооруканалары көп болчу. Азыр илимдин жетишкендиги менен үйдөн дарыланып калышты. Мисалы, Бишкектеги балдардын туберкулез ооруканасы үч жылда бир бейтапты дарылаптыр. Бишкектин четиндеги оорукана үч жылда төрт гана бейтапты дарылаган. Жүзгө жакын кызматкер айлык алып иштеген. Алардын маянасы, тамак-ашы жакшы, коммуналдык төлөмдөрүн мамлекет төлөп жаткан. Бишкекте кургак учукту дарылаган үч оорукана бар. Ал 30% гана иштеп жатат, ал эми каржылоо толук кандуу жүрүүдө. Бошогон имараттарга 800 орундуу эки бала бакча ачтым. Азыр медицина кызматкерлеринин бала бакча көйгөйү жок.

- 2021-жылы Улуттук кардиология жана терапия борборунун, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун, Улуттук онкология жана гематология борборунун директорлору кызматтарынан кетти. Бул чечимдерге дагы нааразычылык болуп, Бейшеналиев менен мамилеси жакшы болбогон директорлорго "куугунтук жүрдү" деген сын бар.

- Бишкектеги чоң-чоң борборлор коррупцияга аралашып калган. 30 жылдан бери директор болуп отура беришип, каржылык мыйзам бузуулар көп болгон. Биринчилерден болуп Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевди кызматтан алдым. 30 жыл отуруптур, оорукананын четиндеги жер сатылыптыр. Аны кызматтан алып, эмгек жамаат суранган адамды коюп бердим. Ал жерге бүгүн эле барып келдим. Балдар онкологиясы, бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасай баштады. Жетишкендиктер көп болууда. Мисалы, Кардиология борборунун директору Акпай Сарыбаевди кызматтан алдым. Ал мамлекеттин акчасына конокторун сыйлай бериптир. Оорукананын кассасынан 25 миң доллар алыптыр. Акча каякта десек, столго салып койдум, керек болсо алып чыгам дейт. Ордуна коюп кой десек, 19 миң долларын гана алып келди. Калганын кое албай жатат.

- Жыл жаңырганда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтун жоюп, аны клиникалык тез жардам ооруканасына өзгөртүп жатасыз. Борбордун мурдагы директору Сабырбек Жумабековдун кызматтан кетишине байланыштуу чоң нааразычылык болуп, митингде сиздин отставкаңыз талап кылынды.

- Сабырбек Жумабековго бир жыл мурун "абадан борбор ачып алдың" деп айткам. Борбор президенттин же премьер-министрдин буйругу менен ачылат. Ал тааныштары менен мурдагы клиникалык тез жардам ооруканасын басып алган. Акырында аткезчилик менен алектенгени ачыкталды. Мага эл айтып жаткандан кийин "болду, жетишет" дедим. Азыр бул маселени унутуш керек. Андай борбор жок. Эми мага "Жумабеков каякка барат" деп суроо берип жатышат. Каякка барса ошол жакка барсын. Анын акчасы көп, реабилитациялык борбор куруп алган, ошол жакка барса кардарлары келет. Ал эми тигил жерде калбайт. Ал айтып жатыптыр президент менен сүйлөштүм, калам деп. Мен дагы президент менен сүйлөштүм. Медицинага мен жооп берем. Бир айдын ичинде бошотот, кафедрасы дагы, командасы дагы калбайт. Буга сөз берем. Президентке үч талапкерин бериптир, ушуну директор кылып коюп бериңиз деп. Президентке өзүнүн окуучуларын койсо, кайра эле башкарып алат дедим. Президент анда түз, туура иштеген адамды кой деди. Мына жаңы адам дайындап, жакшы иштеп жатат. Азыр аны дагы көп жакка киргизбей жатыптыр. Анткени жаңы башкы дарыгер аудитордук текшерүү болуп, ишин таза барактан башташ керек да. Ал жакта мыйзам бузуу көп, ошондуктан алар чыгып кетсе укук коргоо органдары алектене баштайт.

- Көз доктур Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борборунун имараты мамлекетке кайтарыларын билдирдиңиз. Жеке колдогу мамлекеттик ооруканалардын имараттарын кайтаруу боюнча дагы кандай иштер жүрүп жатат?

- Алмазбек Исманкулов 1997-жылы Түштүк Корея менен Кыргызстандын ортосундагы келишим менен 27 млн. доллар алып, жабдыктарды алган. 6-оорукананын жанындагы үч кабат имаратты алып, 24 жылдан бери келишимди узартып, акча кылды. Мен ага бир күндүн ичинде бошотосуң дедим. Азыр бошотуп жатат. Жеке ооруканасын үйүнө барып ачып алсын. Исманкуловго жабдыктарды коюп кой же 27 млн. долларды ордуна коюп кой дедим. Түштүк Кореядагылар келген, алар же акчаны бергиле же жабдыктарды бергиле, болбосо эки өлкө ортосундагы келишим бузулат деп жатат. Мындайлар абдан көп. Ооруканалардын жерлерин менчиктеп алгандар бар. Азыр сотко берип мамлекетке кайтарып жатабыз.

- Республикалык диагностикалык борбордун ордуна балдар ооруканасы ачыларын айткансыз. Бирок кийин президент барып, улуттук макам берүү боюнча сөз болду. Диагностикалык борбордун тагдыры эмне болду?

- Президент дагы Диагностикалык борборго барып кетти. Борбор беш кабаттуу жакшы имаратта жайгашкан. Ал өз алдынча чарбалык эсепте иштеп, банкрот болгон. Карызы 10 млн. сомдон ашык экен. Карызы көбөйүп, имаратын алдырып иймек, мен сактап калдым. Балдар ооруканасы курулганча үстүнкү үч кабатын балдар ооруканасы кылып турам. Ал эми 1-2-кабаты диагностикалык борбор болот. Улуттук макам берилбейт. Медициналык академия дагы бизге баш ийет. Академияда акча көп, борборду академияга берип, жардамдашкыла деп жатабыз.

- Алдыда дагы кандай чечимдер күтүлүүдө?

- Азыр 24 медициналык институт менен факультет бар. Анын 17син жабабыз. Бул бизнеске айланып, колунан келгени институт-университет ачып алды. Ал жакта өтө чоң акча айланат, бирок билим берүү сапаты өтө начар. 10-15 жылдан кийин ким бизди дарылай турганын ойлонушубуз керек. Мен ар бир университетти текшерип чыктым. Алардын ичинде олигархтар, мурдагы премьер-министр, депутаттар бар. Жумабеков митингге миң киши алып чыкса, алар жүз миң киши алып чыгат. Мага жардам беришиңер керек. Ал эми студенттер профессордук-окутуучулар курамы жана клиникалык базасы талапка жооп берген университеттерге которулуп окуй беришет.

- Сиз бул иштерди реформа деп эсептейсизби?

- Ооба, реформа деп атасак болот. Анткени, саламаттык сактоо тармагы элге кызмат кылыш керек.

- Кыргызстандын өзүндө орган алмаштыруу операциялары качан жасала баштайт?

- 31-декабрда орган алмаштыруу боюнча Жогорку Кеңешке, өкмөткө документ киргизип, кол койдуруп алдым. Биринчи бөйрөк, боор алмаштыруу операциялары башталды. Мурда Индияга же башка жакка барып 25 миң долларга операция кылса, биз 7 миң долларга жасап жатабыз. Эми андан дагы арзандайт. Себеби, 21 млн. сомду өкмөттөн алып, лаборатория салабыз. Биздин план боюнча бир жылда 300 бөйрөк-боор алмаштырышыбыз керек. Бул мамлекеттен гемодиализге бөлүнгөн акчаны үнөмдөйт. Анткени, мамлекет бир бейтапка бир миллион сом төлөп берип жатат. Бир жылдан бери чуркап жүрүп Кыргыз-түрк достук ооруканасын ачтык. Эрдоган менен эки жолу жолуктум. Андан суранып жатып ачып берди. Ал жерде жакшы операциялар жасалууда. Батыралиевдин, Абдрамановдун борборлорунда жүрөккө стентти 3,5-5 миң долларга койсо, Кыргыз-түрк достук ооруканасында 50 миң сомго коюп жатат. Күнү-түнү иштеп жатат. Мен азыр стенттерди алып туруп, Кыргызстандын бардык жерине киргизем. 50 миң сом менен стент койдуруп кетет.

- Мамлекеттик ооруканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө берүүгө кандай карайсыз?

- Атаандаштык жакшы болуш керек. Ал атаандаштыкта мамлекеттик ооруканалар утуп чыгыш керек. Менин максатым ошол. Азыр дары-дармектерди санариптештирип, баасы көтөрүлгөн дарыларды ордуна коюп жатабыз. Социалдык дарыканаларды ачып, мамлекеттик сатып алуу жасайбыз.

- Милдеттүү камсыздандыруу фонду боюнча сын-пикир көп. Бул тармактагы дың качан бузулат?

- Милдеттүү камсыздандыруу фондун министрликке коштук. Мурда министрлик саясатын жүргүзчү, акча фонддо болчу. Жогорку Кеңешке эки мыйзам киргиздим. Чет элдик жарандарды 100 доллардан камсыздандырганы жатабыз. Кыргызстанга 70 миңдей чет элдик студент кирет экен. Ошол менен эле айлык-акыны көтөрөбүз. Борборлоштурулган сатып алуу жасап жатабыз. Мурда ар бир оорукана өз алдынча сатып алуу жасачу. Алайда башка баа, Ошто башка баа болчу. Азыр бардык ооруканада бирдей баа болот.

- Өткөн жылы Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев фармацевтикадагы ири мафиялар ачыкталганын, дары-дармектин баасы арзандай турганын айткан. Бирок дары-дармекке болгон баа өзгөрбөдү деген сын-пикир бар...

- Камчыбек Кыдыршаевичтин ыкмасы боюнча бир айга 10% коркуп кетип түшүрүштү. Азыр биз системалуу түшүрүп жатабыз. 40-50% түшүрөбүз. Азыр 550 аталыш менен дары-дармек келди. Түркияда кандай баа менен болсо бул жакта дагы ошондой сатылат. Мисалы, "Плавикс" Түркияда 600-700 сом турат. Кыргызстанда 2500 сомдон сатылып жаткан. Азыр жол киресин кошкондо 700 сомдон сатылууда. Биз ошого жетишип жатабыз.

Президент Садыр Жапаров жана министр Алымкадыр Бейшеналиев "Алтын балалык" пансионатында. Октябрь, 2021-жыл. Ысык-Көл облусу.
Президент Садыр Жапаров жана министр Алымкадыр Бейшеналиев "Алтын балалык" пансионатында. Октябрь, 2021-жыл. Ысык-Көл облусу.

- Ысык-Көлдө курулушу токтоп турган “Алтын балалык” реабилитациялык борбору тууралуу талкууларга келсек. Бул борборду сиздин уулуңуз салып жатканы айтылууда?

- 1998-жылдан 2004-жылга чейин Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаеванын “Мээрим” фонду салып келе жатып, токтоп калган. 2005-жылдан кийин үч президент, алты премьер-министр барып бүтүрөбүз деп, бирок бүтүрө алган эмес. Былтыр, 19-мартта президент менен барып көрүп, ал "бүтүрүш керек, уникалдуу имарат экен" деди. Бирок убакыт өтө берип, мамлекет башчы "элге убада кылып койдук эле, бюджетте акча жок, демөөрчүлөр, ашар жолу менен бүтүрчү" деди.

Менин уулум бизнесмен, "Париж" пансионатынын ээси, ага "15 жылдан бери бизнес кылып акча таптың, эми бизге салып бер" десем, макул болду. 2005-жылдагы эсеп боюнча 12 миллион доллар экен, андан кийин 15 миллион доллар деп эсептешкен, азыр санаганда 25 миллион доллар болду. 200 куруучуну ашар жолу менен дарыгерлер жана башкалар үйдөн ашып калган картөшкө-мартөшкө менен багып жатабыз. Калганын балам бүтүрөт. Азыр болжол менен 4-5 миллион доллар кетиптир. Балам "өзүм бүтүрүп берем" деди. Кээ бирлер "Бейшеналиевдин баласы бүткөрүп жатыптыр, бирдеме болуп кетет го" деп жатышыптыр. Эч качан жеке менчик болбойт. Мамлекеттен акчаны сурап дагы койбойбуз. Тендер болбосо, эчтеке болбосо канча акча кеткенин кантип билет? “Алтын балалык” мамлекеттики болот. Муну кайрымдуулук деп коет. Мен үйүмдү мектеп кылып койдум, айылдагы үйүмдү бала бакча кылып койдум. Эки бөлмөлүү үйдө жашайм".

- Апрель айында медицина кызматкерлеринин айлык-акысы көтөрүлөрү айтылууда. Канча пайызга жогорулайт?

- Биздин финансисттер эсептеп чыкты. Минимум 50% көтөрүлөт.

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG