Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

"Сегиз айдан бери дары жок". Органын алмаштыргандардын азабы


Жалал-Абадда акцияга чыккан бейтаптар.
Жалал-Абадда акцияга чыккан бейтаптар.

Кыргызстанда 600дөн ашык адам органын алмаштырган. Алар ай сайын кеминде 15 миң сомдук дары ичип турушу керек. Бюджеттен каралган дары-дармектер сегиз айдан бери алынбай, бейтаптар кыйынчылыкка кептелди.

Өлкөдө бөйрөгүн, боорун алмаштырган бейтаптар өмүрүнүн аягына чейин иммуносупрессор, же алмашкан орган чирип кетпеш үчүн дары-дармектерди күн сайын ичип турууга тийиш. Орган алмаштыргандар жыл сайын көбөйүп, азыр алардын саны Кыргызстанда 600дөн ашты. Бейтаптар муктаж болгон дары-дармектер үчүн бюджеттен атайын каражат бөлүнүп, Саламаттык сактоо министрлиги алып берип турган. 2021-жылдын июль айынан бери дары сатып алуу үчүн тендер улам кечеңдеп жатат.

Өткөн аптада бөйрөк, боорун алмаштырган 20га чукул адам Жалал-Абад облустук администрациясынын алдына акцияга чыгып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоду. Бейтаптар сегиз айдан бери мамлекеттен бекер берилген "Програф” дарысын ала албай жатышат. Айрымдар аны сатып ичсе, айрымдары бир айдан бери каражаты жоктугунан колдонбой калды.

Ноокен районунун 37 жаштагы тургуну Замир Каратаевге келинчеги донор болуп, 2018-жылы Индияга барып боорун алмаштырган. Замир акыркы жети айдан бери мамлекет бекер берген иммуносупрессордук "Програф” дарысын сатып ичип келет.

"Мен 2018-жылы Индияга барып 50 миң долларга боорумду алмаштырып келдим эле. Сегиз айдан бери мамлекет бекер берген "Програф” дарысын ичип келдим. Акыркы 20 күндөн бери сатып алганга акчам жок, ичпей жатам. Биз араңжан болсок, дары менен жашаганга мажбурбуз. Айына 15 миң сомдон бул "Програф” дарысын сатып ичип турдум. Бизге жардам бергилечи, урматтуу бийлик өкүлдөрү!".

"Дарысыз жашоом токтоп калат"

Өкмөткө үмүт артып, дары сурагандардын дагы бири 32 жаштагы Зияда Байышбекова. Ал бир нече жыл мурда Түркияда 20 миң долларга бөйрөгүн алмаштырган. Операциядан кийин жаңыдан калыптанып келе жаткан бөйрөк үчүн зарыл дарыны такай ичип турушу керек.

“Бөйрөк алмаштырыш үчүн 20 миң доллардан ашык акча короттум. Ал акчаны туугандардан жана элден жардам сурап алганбыз. Эми организмди калыптандыруу үчүн керек болгон дарыны таап ичиш кыйын болуп жатат. Өкмөт жардам бериш керек. Анткени сатып ичкенге акчасы жоктор да бар. Мен да акыркы күндөрү "Програф” дарысын ичпей калдым”.

Бейтаптардын айтымында, жыл сайын Саламаттык сактоо министрлиги бөйрөк жана боорун алмаштыргандарга иммуносупрессор дарысын бекер берип келген. 2021-жылдын июль айынан бери дары сатып алуу үчүн кечиккен тендердин айынан Жалал-Абадда ондогон киши кыйналып турат.

Айласы кеткендер президентке кайрылды

Аймакта бейтаптарды караган атайын медициналык борбор же адистер жок экенин Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча координатору Замира Орунбаева билдирди.

“Жалал-Абад облусунда бөйрөгү менен боорун алмаштырып келгендер үчүн атайын медициналык борбор жок. Мен да министрликке айтып келем. Анткени буларды көзөмөлдөп туруу керек. Азырынча облустук ооруканадагы тийиштүү дарыгерлерден кеңеш алып келишет. Дарынын келбей жатканы коронавируска байланыштуу, өткөрүп жаткан тендерлерге да эч ким катышпай жатат. Министрлик акыркы эки жумада дары келип калат деп бизге айтты”.


Жалал-Абад облусундагы мындай көйгөйлөрдү талкуулап, чечүү жолун издеген "Эрк биримдиги" коомдук уюму 2018-жылдан бери иштеп келе жатат. Уюмда бөйрөгү менен боору ооруган миңге чукул адам чогулган.

Эрмек Апсаматов алардын атынан өлкө башчысы Садыр Жапаровго арыз жолдоону көздөөдө.

"Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылып арыз жазып жатабыз. Мында келгендер жана башка жарандар да кол коюшат. Анткени биз үчүн керек болгон "Програф” дарысын тендерден утуп алган компания 150 күндөн кийин дарыңар келет деп айтты. Биз ага чейин кантип жашайбыз?".

Жалал-Абад облусунда 2020-жылдын тогуз айында элүүгө чукул бөйрөк менен боорун алмаштырып келген бейтаптар катталган. Бирок, облуста жалпы канча киши органын алмаштырганы боюнча так маалымат жок.

"Анализ үчүн мамлекеттик лабораториялар жок"

Араван районунун тургуну 35 жаштагы Адылбек Эргешов 2018-жылы Индияга барып боорун алмаштырып келген. Ал операцияга кеткен каражаттын бир бөлүгүн менчик банктардан насыя алып, аны азыркыга чейин төлөп жатат.

Адылбек да мамлекет бекер бериши керек болгон дары-дармекти 2021-жылдын июль айынан бери ала албай кыйналып жатканын айтты. Ал менчик лабораторияга ай сайын 5,5 миң сомдук анализ тапшырып, анын жыйынтыгына жараша дарыланышы керек. Болбосо Адылбектин саламаттыгы начарлап, боору иштебей калышы мүмкүн.

"Анализ баарын кошкондо азыр айына 13-15 миң сомдой кетүүдө. Мен эле эмес, органын алмаштырган 600-800, керек болсо миңге чукул адам бар. Өткөндө министрликке барсак, "150 күндүн ичинде бекер дары келет, аны сатып алуу боюнча тендер өттү" деп айтышты. Биз ичкен "Програф" деген дарынын 0,5 миллиграммдыгы анан 1 миллиграмддыгы бар. 0,5 миллиграммдыгынан бир кутудан берип турабыз дешти. Аны дагы жөн бербей ишеним кат алып кел дешет. Бейтаптарды аябай кыйнап жатышат. Биз эми азыр толук иштей албайбыз, оор нерсе көтөргөнгө болбойт, майыптыгыбыз бар. Дарынын дозасын туура билүү үчүн кандын эле бир нече түрдүү анализин ай сайын тапшырып турушубуз керек. Аны бекер алган мамлекеттик лабораториялар жок. "Бонецкий", "Аквалаб" сыяктуу кымбат менчик лабораторияларга барууга аргасызбыз. Кандагы такролимустун деңгээлин билип турбасак, түшүп кетсе саргайып, органдарыбыз иштебей калат. Акчаны дарыга жеткирели деп үнөмдөп, азыр анализ тапшырбай көптөр кыйналууда. Мамлекет бизге бекер дары бербей, өлтүрүп кутулалы дегендей эле мамиле болуп жатат".

Дары таңкыстыгы эмнеден улам келип чыкты?

Дарынын кечигүүсүн адистер айрым бейтаптардын мамлекеттик сатып алууну уюштурган тендерге койгон талаптарына байланыштырат. Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуеванын айтымында, дарыларды сатып алуу тендери ачык өтөт.

Тендерди өткөрүүдө бейтаптар менен дарыгерлер ага активдүү катышат. 2021-жылы органын алмаштырып келгендер тендердин шарты боюнча эң арзан дарыны алуу керек деген эрежеге каршы чыккан. Бейтаптар тендерге сунушталган иммуносупрессор дарылардын арзанын эмес, белгилүү фирмалардан чыккан кымбатын талап кылышкан. Сутуева дал ушул себептен улам дарыларды алып келүү кечиккенин айтат.

"Препараттардын "женерик" деген түрү болот. Дарынын формуласын чыгарган заводдон уруксат алып, ички курамын өзгөртпөстөн чыгарган дарыларды "женерик" деп койобуз, Тендердин шарты боюнча, биз эң арзанын алышыбыз керек. Себеби, биз ар бир короткон тыйынга жооптуубуз, салык төлөөчүлөрдүн акчасын кымбат нерселерге чачканга укугубуз жок. Анткен менен бейтаптар тендердеги бул шартка макул болбой коюшту. "Абдан көп каражат коротуп, чет жактан органыбызды алмаштырып келсек, ал жактан оригинал дарыларды ичсек, анан женерикти ичкенде организмибизде жаңы оошкон органга тескери таасир болуп, чирип кетиши мүмкүн" деп туруп алышты. Айла жок, алардын да шартын кароого туура келди. Ушундай талаш-тартыштардын айынан убакыт көпкө созулду. Тендер да кечеңдеди. Мына кечээ эле биз дары ташыган компания менен макулдашып, тендерди жыйынтыктадык. Бүгүн же эртең дары келиши мүмкүн деп күтүп жатабыз. Алар бизге 150 күндүн ичинде алып келип беребиз деген шарт койгон. Коронавирустун шартында тездетүү да кыйын болууда. Бейтаптардын саны жылдан жылга көбөйүп, дарыга муктаждык да артууда".

Өлкөдө орган алмаштыруу операциясы ишке ашпайт

Муктаж болгон жүздөгөн бейтаптар өз алдынча Түркия, Индия, Орусия сыяктуу өлкөлөргө барууга мажбур. Мындан эки жыл мурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда онго жетпеген бейтаптын бөйрөгү эксперименталдык негизде алмаштырылган. Трансплантациядан кийинки бейтапты кароого адистешкен дарыгерлер жок.

Министрлик бул милдетти облустук ооруканаларда иштеген нефролог, гепатолог жана гастроэнтерологдорго жүктөгөн. "Авиценна" менчик ооруканасынын башкы дарыгери, өлкөдө орган алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн Камчыбек Узакбаев 2001-жылдан бери мыйзам өзгөрбөгөндүктөн, бейтаптар абдан кыйналып жатканын айтат.

"Бүгүн эле бир аял мага чырылдап чалды. Баткенден келгенин, бөйрөгүн алмаштыруу зарыл болуп жатканын айтты. Мен эми ага эмне кыла алам? Мамлекеттик ооруканадан кеткениме алты айдай болуп калды. Азыр менчик сектордо иштеп жатам. Мыйзам боюнча менчик жайларда орган алмаштырганга же аны алмаштырып келгендерди дарылаганга болбойт. Трансплантация боюнча мыйзамдар бизде 2001-жылдагы бойдон калып калган. Ал техникалык, моралдык жактан эскирди. Жаңыртуу керек, бизге да Түркия, Казакстандагыдай шарттарды, мыйзамдык негиздерди түзүү зарыл. Себеби, бөйрөк, боор сыяктуу органдарды алмаштырышы керек болгон атуулдар жылдан жылга көбөйүүдө. Анын баары тийиштүү жардам ала албай калып жатышат".

Орган алмаштыргандардын дары-дармеги үчүн бюджеттен 2021-жылы 78 миллион сом бөлүнгөн. 2022-жылдагы муктаждык 135 миллион сом деп белгиленди. Бейтаптардын 40% боор, 60% чукулу бөйрөгүн алмаштырган.

Боор менен бөйрөк өнөкөт жугуштуу оорулар жана вирустардан улам жабыркап жараксыз абалга келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG