Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:40

Кичинекей жүрөктөр чоң жардамга муктаж


14 жаштагы Сажида Боженова.
14 жаштагы Сажида Боженова.

Кыргызстанда жылына жүрөк, дем алуу органдарынын кемтиги менен миңдеген балдар төрөлөт. Алардын 20 пайызына гана медициналык жардам берилет. Калганы кезекке турат же өлүмгө дуушар болот.

14 жаштагы Сажида - Каракол шаарындагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу. Ал азыр Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун чоңдор бөлүмүндө дарыланып жатат.

Кызга бир нече күн мурда өпкөнүн гипертензиясы деген эң оор диагноз коюлган. Учурда ал жасалма аппарат менен дем алууда.

Сажиданын мурдуна тыгылган узун түтүк өпкөнү желдетүүчү жабдууга туташтырылган. Ата-энеси жок болгондуктан жакында аны Бишкектеги «SOS балдар үйүнө» чыгарганы турушат. Сажида өзү менен кошо дем алууга жардам берген жабдыкты да ала кетет.

«Кыйналып жатам. Бир да метр баса албай калдым. Дароо эле демим кысылат. Кээде аябай өзүмдү жаман сезем», - дейт оорудан кыйналган кыз.

Мээрим Чолпонбаева.
Мээрим Чолпонбаева.

Улуттук кардиология жана терапия борборунун кардиолог-дарыгери, Сажиданы дарылаган Мээрим Чолпонбаева анын оорусу тууралуу буларды айтып берди:

«Кыздын акыбалы оор, анын оорусу өтө сейрек кездешет. Мындай дартка миллион кишиден бирөө эле чалдыгат. Тилекке каршы, азыркы тапта Сажиданын оорусун эмне козгогонун, себептерин билбей жатабыз. Дартты толук айыктыра турган дары-дармек жок. Азыр биз анын жашоосунун сапатын жакшыртып, өмүрүн узартыш үчүн гана дарылап жатабыз».

Жүрөгү ооруган балдар коркунучта

Дарыгердин айтымында, Сажидага тез арада өпкө, жүрөк трансплантациясы керек.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрайымы Нурхан Жумабаеванын көмөгү менен элден каражат чогултушуп, Сажиданын дары-дармектерин алып жатышат. Бир айлык дарылануусу үчүн ага 69 миң сомдон ашык каражат жумшалат. Буга кошумча кызга жасалма портативдик дем алуучу жабдык да керек.

Нурхан Жумабаева Сажида менен.
Нурхан Жумабаева Сажида менен.

Нурхан Жумабаева Кыргызстанда балдар кардиохирургиясынын акыбалы өтө оор экенин айтты. Ал биринчи кезекте жүрөк, өпкө кемтиги бар балдардын электрондук базасын түзүү зарыл деген пикирде.

«Абдан өкүнүчтүүсү, Саламаттык сактоо министрлигинде мындай балдарды таап, аныктап, каттоого алуу системасы жок, - дейт ал. - Бизде баары эле «үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ооруну эрте аныкташ керек» деп айтышат. Бирок бизде мындай балдардын акыбалын көзөмөлдөй турган электрондук маалымат базасы жок. Эмнеге аларды санариптештириш керек? Анткени балдар кезекке турушмак, кимге кандай жардам керек экенин дарыгерлер күн мурунтан байкап, көрсөтмө бере алмак. Азыр бизде жасалма бөйрөк системасын ушинтип электрондоштуруп койбодубу. Балдар кезекте турганы билинсе дароо жардам берилмек да. Биздеги статистика да ката, туура эмес. Бар-жогун билбейсиң».

Операциянын баасы асман чапчыйт

Кыргызстанда жүрөк же ички органдардын кемтиги менен төрөлгөн балдарга бир жашка чейин гана бекер операция жасалат. Бир жаштан өткөндөн кийин баланын ата-энеси 50 пайыз акыны төлөшү зарыл.

Балдардын кардиохирургия бөлүмүнүн бейтапканасы жертөлөдө жайгашкан.
Балдардын кардиохирургия бөлүмүнүн бейтапканасы жертөлөдө жайгашкан.

Жумабаева мындай кырдаал айрыкча жаш ата-энелерге оорчулук жаратып, 100-150 миң сомду талап кылган операцияларга кире албай кыйналгандар бар экенин белгиледи:

«Беш жашка чейинки балдарды мамлекет камкордукка алышы керек. Жүрөк же башка органдын кемтигине байланыштуу бир операция 130-165 миң сомдон өйдө жасалат. Бул жаш үй-бүлө үчүн өтө чоң сумма да. Мынча акчаны алар кайдан табышат? Бизде ошол операция болгон балага реабилитациялык жардам берүү деген түшүнүк да жок. Ал бала операциядан кийин кыйналат, ден соолугун чыңдашы керек да».

Жумабаеваенын айтымында, Трансплантация жана орган алмаштыруу илим изилдөө борборунун балдар бөлүмү менен Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордогу кардиохирургиялык бөлүмдүн абалы оор.

Бишкектеги балдардын кардиохирургиясы бөлүмү.
Бишкектеги балдардын кардиохирургиясы бөлүмү.

Алардын көпчүлүк жабдуулары эскирип, жарактан чыккан. Жасалма дем алдырган жабдуу жетишпейт. Реанимациялык бөлмөлөр эскирген.

Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаевдин айтымында, балдардын кардиохирургиялык ооруканасынын курулушу 90-жылдары башталган. Бирок ушу күнгө чейин бүтпөй турат.

«Жылдан жылга жүрөк, кан тамыр, дем алуу органдарынын кемтиги менен ооруган балдар көбөйүп жатат. Бул көрүнүш жеке эле Кыргызстанда эмес, дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө байкалууда. Тубаса кемтик ооруларды дарылоонун 80 пайызы хирургиялык жол менен ишке ашат. Алардын баарын операция жасаганга биздин кардиохирургия институту жетишпейт. Муктаждардын 20 пайызга жетпегени гана операция болууда. Калганы кезекте турат. Мүмкүнчүлүгү барлар чет өлкөгө барып, операция жасатып келүүдө. Негизи балдар кардиохирургиясынын абалы оор».

Узакбаев бир нече күн мурда өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев борборго барып, бүтпөй турган кардиологиялык корпусту көрүп, бюджеттен акча которуларына убада бергенин, эми бул убаданын аткарылышын күтүп жатышканын да айтып өттү.

Статистика так эмес

Кыргызстанда бир органында кемтиги бар балдар тууралуу так статистикалык маалымат чыга элек. Ушундан улам аларга натыйжалуу жардам берүү да кыйындап жатат.

Өлкөнүн башкы кардиохирург-педиатры Гүлина Саатова орган кемтигине себеп болгон факторлорго токтолуп, кардиохирургиялык кызматтын чабалдыгын да эске салды:

«Кыргызстанда азыркы тапта 3 миңден ашуун бала жүрөк кемтиги менен ооруйт. Былтыр эле миңден ашуун балада ушундай дарт аныкталды. Бул оорулар эмнеден улам пайда болот? Биринчи кезекте балалуу болууну алдын-ала пландашпайт. Боюнда бар кезде ар түрдүү жугуштуу оорулар менен оорушат, дары ичишет. Ушунун баары баланын оорукчан болуп төрөлүшүнө жол ачууда. Эненин кош бойлуу болгонго чейин дарыланбаганы, боюнда бар кезде дарыгердин текшерүүсүнөн өтпөгөнү курсактагы балага эле зыян».

Жүрөк же дагы башка органдарынын кемтиги менен төрөлгөн ымыркайдын көбү бир жашка жетпей чарчап калууда. Дарыгерлер операциялык жардам өз убагында берилсе, мындай балдардын жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү жогору болорун белгилешет. Бирок Кыргызстанда бул үчүн талапка ылайык шарттар түзүлгөн эмес.

Макаланын башында сөз кылган Сажидага керектүү аппараттын баасы 200 миң сомдон башталат. Акчаны тезинен таап, жабдууну сатып албаса, 14 жаштагы үлбүрөгөн кыздын өмүрү коркунучта.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG