Линктер

жекшемби, 17-февраль, 2019 Бишкек убактысы 19:35

Орган алмаштыруу мыйзамынын оош-кыйышы


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы жеке менчик клиникаларга адам органдарын алмаштырууга уруксат берүүнү караган мыйзамдын макулдашылган долбоорун иштеп чыгууга киришти.

2016-жылы президент коомчулуктун терс пикирин эске алуу менен парламент кабыл алган бул мыйзам долбооруна вето коюп, артка кайтарган.

Бирок коомчулук өкүлдөрү мамлекет адам органдарын алмаштырууну көзөмөлдөөгө даяр эмесин жана бул мыйзам кабыл алынса, өлкөдө адам органдарын мыйзамсыз сатуунун көмүскө базары пайда болот деген кооптонуусун айтып чыгышты.

Кайрадан "кайтып келген" мыйзам долбоору

Жогорку Кеңеш жакында президенттин каршы пикири менен артка кайтарылган “Адам органдарын же ткандарын трансплантациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобун түзүү тууралуу” токтом кабыл алды.

Эми парламент менен өкмөттүн өкүлдөрүнөн түзүлгөн макулдашуу тобу мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюу жана адам органдарын алмаштырууга уруксат берүү үчүн талап кылынган шарттарды камтыган укуктук ченемдерди иштеп чыга турган болду.

Токтайым Үмөталиева.
Токтайым Үмөталиева.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жаңы кодекстерде адам органдарын сатууга байланышкан кылмыштарга жаза чарасы жумшарган жагдайда бул мыйзам долбоорун кайрадан сунуштоо криминалдын күчөшүнө алып келет деп кооптонот:

- Бул мыйзам кабыл алынып калса, анда адам органдарын сатууга байланышкан кылмыштуу трансплантацияга жол ачылат. Балдарды же чоң адамдарды деле уурдап, бирөөлөргө сатып, алардын кайсы бир органдарын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Аялдардын түйүлдүк жаратуучу урук клеткаларын алып, сатканга жол ачылат. Мына ушундай эң эле коркунучтуу кылмыштар жаңы кодекстерге кылмыштар катары эмес, жоруктар катары кирип, ал үчүн айып гана каралып калган. Жаңы кодекстер боюнча башаламан жагдай тартипке салынбай жатканда, эми мурда четке кагылган трансплантациялоо мыйзамын кайрадан алып чыгып жатышат.

"Медицина артта калбасын"

Адам органдарын жана ткандарын трансплантациялоого уруксат берүүчү бул мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын өкмөт менен биргеликте иштеп чыгууну экинчи ирет сунуштап жаткан Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинде адам органдарын алмаштырууга уруксат берүү үчүн мыйзамда талап кылынган шарттар жана жоопкерчилик чаралары камтылары көрсөтүлгөн.

Буга байланыштуу тиешелүү токтом долбоорун парламент колдоп берди.

Баштапкы макулдашууга ылайык, адам органдарын алмаштырууга укук алуу үчүн жеке менчик клиникаларга дарыгерлердин жогорку даярдыгы, заманбап медициналык жабдуулар жана лабораториясынын болушу талап кылынары көрсөтүлгөн.

Парламенттин тиешелүү комитетинин төрайымынын орун басары, депутат Алмазбек Токторов адам органдарын мыйзамсыз сатууга каршы чаралар дагы анда иштелип чыгарын билдирди:

- Бирөөнүн бөйрөгүн анын эркине каршы алуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар. Биз адам органдарын сатууга байланыштуу беренелерди да күчөтүү жагын карап жатабыз. Ошол кодекстерге да өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Эми буга да эрте десек, жүрө беребиз. Коңшу Тажикстанда мыйзам эчак кабыл алынып, бул тармак жакшы өнүгүп жатат. Бизде "кара трансплантологдор чыгат" деп коркуп, каршылык болуп жаткан чакта биздин оорукчан жарандар коңшуларга же башка алыскы өлкөлөргө барып, органдарын алмаштырууга мажбур болушууда. Сыртка чыгуу биздин жарандар үчүн кымбатка түшөт. Алар үчүн ары-бери жолдо жүрүү да кыйынчылык жаратат. "Азыр эрте" деп жүрө берсек, бизде медицина өнүкпөйт.

Кыргызстанда жеке менчик медициналык клиникаларга адам органдарын жана ткандарын трансплантациялоого уруксат берүү маселеси 2003-жылдан бери көтөрүлүп келе жатканы белгилүү.

Ошол кездеги парламенттин мыйзам чыгаруу жыйыны адам сатууга байланышкан кылмыштуулуктун өрчүшүнө өбөлгө түзөт деген негизде аталган мыйзам долбоорун четке каккан.

Мамлекет көзөмөлдөөгө даярбы?

Медицина илимдеринин доктору, профессор Зиябидин Айдаров Кыргызстанда жалпысынан адам органдарын алмаштырууга уруксат берүүгө эртелик кыларын айтып, ага негиз болгон жагдайларды мисал келтирди:

- Бизде азыр бул тармакта адистер жетишпейт. Ошондой эле адам органдарын алмаштыруу боюнча тиешелүү медициналык заманбап жабдуулар жок. Эң башкысы - жоопкерчилик маселеси. Бул мыйзам кабыл алынса, анда мамлекет абалды көзөмөлдөй албай калышы мүмкүн. Ушул мыйзамдын арты менен жеке менчик клиникаларга уруксат берүүнүн натыйжасында бул тармак толук коммерцияланышып кетиши мүмкүн. Андан ары коррупциялык аракеттер күч алып, анын аягы криминалдашкан абалды жаратышы ыктымал. Кайсы бир тараптар адам органдарын мыйзамсыз алып, башка бирөөлөргө кайра кымбатка сатуу үчүн же чет өлкөлөргө чыгаруу максатында ар кандай кылмыштуу жолдорго барышы мүмкүн. Ошондуктан бизде азыр мамлекет көзөмөлдү жөнгө сала албай жатканда бул мыйзамды кабыл алуу эртелик кылат.


Кыргызстандын аймагында жеке менчик клиникаларга адам органдарын алмаштырууга уруксат берген бул мыйзам долбоорун парламент 2015-жылы кабыл алып, бирок ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев ага кол коюудан баш тартып, мыйзамга вето коюу менен кайрадан иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган.

Экс-президент өзүнүн каршы пикиринде мыйзамда так эместиктер көптүгүн жана адам өмүрүнө коркунуч келтирген учурларды алдын алуунун чаралары каралбаганын жүйө келтирген болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG