Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

Кыргызстанда "омикрон" штаммы катталды, Бишкек "кызыл зонада"


Иллюстрациялык сүрөт. Бишкек шаары. 17-май, 2021-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. Бишкек шаары. 17-май, 2021-жыл.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун "омикрон" штаммы Бишкектеги Жугуштуу оорулардын республикалык клиникасында жаткан эки адамдан аныкталды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Мамлекеттик санэпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы дарыгери Айгүл Жумаканова кабарлады.

"Улуттук вирусология лабораториясына ооруну жуктурган ар кайсы аймактардагы 165 адамдын анализин бергенбиз. Изилдөө 4-6-январда башталып, жыйынтык алты күндөн кийин чыкты. Натыйжада, Бишкектеги Жугуштуу оорулардын республикалык клиникасында жаткан эки адамдын анализинен "омикрон" штаммы аныкталды. Бул штаммдан тышкары өлкөдө Түштүк Африка, Индиянын "дельта" штаммдары да бар", - деди Жумаканова.

12-январда Кыргызстанда коронавирус жуктургандар акыркы беш айдагы рекорддук чекке жетип, 465 адамдан оору аныкталды. Алардын басымдуусу Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундары.

Бишкекте соңку бир сутканын ичинде коронавирус жуктургандардын саны 345 болуп, "омикрон" штаммы да катталгандыктан "кызыл зонага" кирди. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүүгө багытталган республикалык штабдан кабарлашты. Баш калаадагы 303 киши жеңил формада ооруп жатат, 42 кишиде коронавирус симптомсуз өтүүдө. 32 адам ооруканага жаткырылды, бир суткада эки киши каза тапты.

“Акыркы он күндө ооруканага түшкөндөр көбөйдү”

Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасында коронавируска чалдыккандар үчүн даярдалган 300 орун акыркы 10 күндүн ичинде толду. Мындагы бейтаптардын арасында 6 айлык ымыркайдан тарта 86 жаштагы карыяга чейин бар.

Алардын көпчүлүгүнүн дем алуусу оорлоп, ПЧР-тесттери аныкталгандар. Бейтаптардын көбү орто курактан жогору, алардын айрымдары ооруканада 1-1,5 ай дарыланып жатат. 20га чукул киши кайра жандандыруу бөлүмүндө.

“Дем ала албай, кыйналып, 18-декабрда ооруканага түшкөм. Ошол күндөн бери дарыланып жатам. Жаңы жылды да ооруканадан тостум. Дене табым көтөрүлүп, сөөктөрүм сыздатып ооруп жатты. Азыр бир аз жакшы болуп калганым менен дагы деле аппараттын жардамы аркылуу дем алууга мажбурмун. Оңой оору эмес экен, баарыңарды өз ден соолугуңарга кайдыгер болбой, коргонууга чакырам”,-деди ооруканда жаткан бейтаптардын бири Виктор Афонин.

85 жаштагы Сайраке Шамырканова да вирусту жуктуруп алып, беш күндөн бери дарыгерлердин көзөмөлүндө.

“Мен Токмоктон бери келдим, демим кысылып, такыр аба жетпей калган. Азыр бир аз жеңилдеп калдым. Коопсуздук чараларын сактабай, ден соолугуна карабагандарга айтат элем, беткап тагынгыла, ал дарыгерлерге эмес, өзүңөргө керек”.

Мындагы 100 медицина кызматкери күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте кошумча дагы эки "кызыл зона" ачууну пландаштырып, 400 орун камдаган.

“Бизге кайрылгандардын саны күндөн күнгө өсүп жатат. Мындан 10 күн мурда 20-25 киши кабыл алуу бөлүмүнө келип жаткан болсо, азыр 75-80 кишиге жетти. Алардын 80-90% ооруканага жаткырганга мажбурбуз. Анткени абалы начар, үйдө бир топ убакыт өз алдынча дарыланып жата бергендер. Мындай көрүнүштүн дагы бир себеби – коронавирустун белгилери сасык тумоого аябай окшош. Ошондуктан да “мен сасык тумоо болуп жатам” деп дарыгерлерге кайрылгандан баш тартып жатат. Өткөн жылдын соңунда коронавирустун көрсөткүчтөрү аз болуп жаткан, мындан улам эл коомдук жай болобу, жумушта болобу вирустан сактануунун күнүмдүк эрежелерин сактабай калды. Бул дагы вирустун тез жайылышына себеп болду”,-дейт Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын дарыгери Гүлзана Жакыпбекова.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча бир миллиодон ашык киши коронавируска каршы вакцина алган.

"Омикрон" штаммы тез жайылууда

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда тогуз мобилдик топ иштеп, "118 кызматы" телефондон бейтаптарга кеңеш берүүдө. Борбор шаардагы мындай кырдаалдан улам калк арасында эмдөө, анын ичинде бустердик доза менен камтууну жогорулатуу, коомдук жайларда, өзгөчө коомдук унааларда, соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында, оюн залдарында, эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү жана чектөө чараларын киргизүү каралууда.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарында вирус жуктургандар көбөйүп жаткандыктан кошумча 400 орун даярдалганын кабарлаган.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлү Ханс Клюге март айына чейин Европа калкынын теңинен көбүнө "омикрон" жугушу мүмкүн деген божомолун билдирди. Уюмдун Европа аймагына 53 мамлекет жана Борбор Азия кирет. Клюге азырынча коронавирустун "омикрон" штаммы каттала элек өлкөлөрдү санитардык чараларды киргизүүгө чакырды. Ал өзгөчө аялуу топторго кирген адамдарды коргоого чакырды.

Кыргызстанда вирустун жаңы түрүнө байланыштуу 1-декабрдан тарта чек арадан кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылына баштаган. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш деген талап коюлган. Ал эми "омикрон" штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт деп айтылган болчу. Бирок ошондой болсо дагы кыргыз расмийлери коронавирустун омикрон штаммы Кыргызстанга 2022-жылы келиши мүмкүн экенин эскерткен.

Кыргызстан Казакстандагы коомдук-саясий абалдын курчушуна байланыштуу кыргыз-казак чек арасынан өткөн жарандар үчүн милдеттүү түрдө коронавирус жоктугун тастыктаган ПЧР тестти көрсөтүү талабын жокко чыгарган. Министрлер кабинетинин бул чечими кыргыз жарандары менен катар чет өлкөнүн жарандарына дагы тиешелүү.

Коңшулаш Өзбекстанда коронавирустун омикрон түрү табылганы 9-январда расмий айтылды.

Маалыматка ылайык, жаңы штамм Өзбекстанга келген чет өлкөлүк жарандан аныкталган. Буга байланыштуу атайын комиссия чараларды күчөтүү чараларын кабыл алды.

Мындан ары Өзбекстанда санитардык чаралар күчөтүлөт. 15-январдан баштап Өзбекстанга кирген жарандардан ПЧР-тесттин жыйынтыгы талап кылынат. Ошондой эле ири иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынары эскертилди.

Ушул күнгө чейин коронавирустун “альфа”, “бета”, “гамма”, “дельта” жана "омикрон" штаммдары белгилүү болду. Соңку кезде "омикрон" кескин түрдө жайылып жатат.

"Омикрон" тууралуу эмне белгилүү?

Ноябрь айында Түштүк Африкада табылган бул штамм дүйнөнүн ондогон мамлекеттерине тарады. Азырынча бул варианттын адам организмине таасири тууралуу маалымат чектелүү. Баштапкы изилдөөлөр ишарат кылгандай, бул варианттын симптомдору COVID-19дун башка штаммдарына салыштырмалуу жеңилирээк болушу мүмкүн. Бирок "омикрондун" адам өлүмүнө алып келүү ыктымалдыгы канчалык жогору же төмөн экени толук белгисиз.

"Омикрон" алгач Ботсвана жана Түштүк Африка республикаларында аныкталган. Түштүк Африка республикасындагы Медкызматкерлер ассоциациясынын төрайымы Анжелика Кутзинин айтымында, коронавирустун жаңы түрүнө негизинен 20-30 жаштагы жигиттер чалдыккан.

"Алар алгач бир-эки күн алсырап, андан соң башы ооруп, сай-сөөгү сыздап, булчуңдары ооруганы байкалган. Кээ бирлериники тамагы кычышса, башкаларда кургак жөтөл башталган. Айрымдардын дене табы бир аз көтөрүлгөн".

Өткөн жылдын декабрь соңунда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму "омикрон" штаммы буга чейинки "дельта" вариантына караганда өтө тездик менен жайылып жатканын билдирип, буга чейин COVID-19 менен ооруп айыккандар же вакцина алгандар да кайра инфекцияга кабылышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Жаңы жылдын алдында уюмдун башкы илимпозу Сумья Сваминатан "жаңы вариант жеңил өтөт" деген ойго алдырып, аны көз жаздымда калтырбоого үндөгөн.

"Эгер вирусту жугузуп алгандардын саны көбөйүп кетсе, алардын аз гана бөлүгү катуу ооруп кала турган болсо, анда ооруканаларга түшкөн бейтаптар көбөйөт жана саламаттык сактоо системасына күч келет. Мындан улам "бул варианттын симптомдору жеңил" деп кол куушуруп отура берген болбойт. Вируска чалдыккандардын көбөйгөндө медицина тармагы чыңалат. Мындай кырдаал азыртадан эле көп өлкөлөрдө байкалып жатат", - деди доктор Сумья Сваминатан.

"Омикрон" көп жолу мутациялангандыктан окумуштуулар арасында кооптонуу жаратууда. "Омикрон" алгач пайда болгон Түштүк Африка республикасындагы эпидемиологдордун айтымында, "дельтаны" жуктуруп алгандарга салыштырмалуу жаңы штаммга чалдыккандар ооруканага азырак кайрылышкан.

"Омикрон" учурда болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен жайылып баратканына байланыштуу бир катар мамлекеттер карантин чектөөлөрүн киргизе башташты.

Кытайдын Тяньцзинь шаарынын 14 миллион калкы жапырт коронавируска тесттен өткөрүлүүдө. Шаарда "омикрон" варианты жайылганы тууралуу маалыматтар түшкөндөн кийин бийлик санитардык көзөмөлдү күчөттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG