Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Министр Бейшеналиевди отставкага кетирүү талабы айтылды


Президент Садыр Жапаров менен Алымкадыр Бейшеналиев.
Президент Садыр Жапаров менен Алымкадыр Бейшеналиев.

Улуттук кардиология жана терапия борборунун кызматкерлеринин бир бөлүгү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылып жатышат. Буга борбордун директору Акпай Сарыбаевдин кызматтан алынышы себеп болгон. Министрлик борбордо каржылык мыйзам бузуулар көп экенин билдирүүдө.

Акпай Сарыбаевди жумуштан алган аудит

2021-жылдын октябрь айында Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук кардиология жана терапия борборунун ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 15 пункттан турган мыйзам бузуу аныкталганы айтылып жатат. Аудиттин документтеринде Акпай Сарыбаевдин бир эле учурда эки кызматты ээлеп турганы, бюджеттик каражаттар натыйжасыз пайдаланылып жатканы жазылган.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ички аудит башкармалыгынын жетекчиси Бек Ногойбаев мындай деди:

Бек Ногойбаев
Бек Ногойбаев

“Соңку он жылда Улуттук кардиология жана терапия борборунуна караштуу Кыргыз-индус борборуна Индиянын элчилиги 3 миллион долларга жакын кайтарымсыз акча берген. Каражат максатсыз пайдаланылып, Караколдогу лыжа базасына, циркке, ресторан-барларга барууга, кымбат баалуу арак-шарап сатып алууга жумшалган. Ошондой эле ушул акчалардын эсебинен Франция, Италия жана башка өлкөлөргө медицинага тиешеси жок сапарлар уюштурулган”.


Мындан тышкары Кыргыз-индус илим-изилдөө борбору «Кумтөр Оперейтинг Компани» менен 3 млн. 64 миң сомго келишим түзгөн. Анын 1,4 миллион сому негизсиз эмгек акыга жумшалса, 179 миң сомду Акпай Сарыбаев өзү алганы айтылып жатат. Ошол эле учурда 2020-жылдын 19-июнунда аталган борбордун банктык эсебинен 25 миң АКШ доллары накталай алынып, 1 жыл 4 айдан кийин кайра кайтарылган. Аудитор Бек Ногойбаев документтер УКМКга өткөрүлүп берилгенин маалымдады.

“Кардиологияда бааларга мониторинг жүргүзбөстөн, жалпы суммасы 8,2 миллион сомдук товарларды жана кызматтарды сатып алуу жүргөн. Биз азыр “мамлекетке мындай суммадагы чыгым келтирилген” деп айта албайбыз. Тиешелүү органдар укуктук баа бериш керек. Биз 15 пункттан турган мыйзам бузуунун ар бирине далилдерди таптык. Аудиттик отчет менен Акпай Сарыбаев жана башкы эсепчи таанышып, макул болгондон кийин кол коюп беришкен. Азыр ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иликтеп жатат”.

Акпай Сарыбаев Улуттук кардиология жана терапия борборун 2019-жылдан бери, ага караштуу Кыргыз-индус илим-изилдөө борборун болсо 2009-жылдан бери башкарып келген. Ал министрликтин аудитинде айтылган мыйзам бузуулар толугу менен жоюлганын, ал эми борбордун директору кызматы коомдук башталыштагы иш экенин айтат. Сарыбаев өзүнүн кызматтан кетишин минтип түшүндүрүүдө:

Акпай Сарыбаев
Акпай Сарыбаев

“Министр Алымкадыр Бейшеналиевге менин ордум керек болуп атат. Аны менен сүйлөшкөндөр калып, тилин таппагандар жумуштан кетип атат. Бейшеналиев келгенден бери саламаттык сактоо тармагын “оорутуп” жатат. Мени Кыргыз-индия илим-изилдөө борборунан 179 миң сом алды деп жазып атышат. Ал акчаны илимий консультация кызматы үчүн алгам. Аны айга бөлсөң 5000 сомдон ашпайт. Директорлук кызматка айлык акы төлөнбөйт. Менин аброюма шек келтиргендери үчүн сотко берем. Азыр жактоочу алып даярданып атам”.

Акпай Сарыбаев аудиттин тыянагы менен да макул эмес. Анткени Кыргыз-индус илим-изилдөө борбору Индия тараптын макулдугу менен текшерилиши керек деп эсептейт.


Бейшеналиевди кызматтан кетирүү талабы

12-декабрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Улуттук кардиология жана терапия борборунун кызматкерлери катышкан жыйындын видеосу интернетке тарады. Ал жерден министр менен оорукананын айрым кызматкерлеринин кайым айтышын көрүүгө болот. Борбордун юристи Жумгал Өмүралиев Бейшеналиевди “көчөдөн келген министр” деп сындагандан кийин кайым айтышуу күчөп, министр жетекчи алмашканы жөнүндө буйрукту окуп, кетип калган.


Жумгал Өмүралиев жамааттын бир бөлүгү Акпай Сарыбаевди колдоп, анын кызмат ордуна кайра келишин талап кылып жатканын билдирди.

“Бизде 700дөй киши иштейт, анын 600ү Акпай Сарыбаевди колдоп жатат. Биз президенттен, министрлер кабинетинин төрагасынан Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтан кетишин талап кылабыз. Анткени ал жетекчи катары туура эмес нерселерди кылып жатат. Ал ушундай жол менен президентке сөз тийгизүүдө”.

Бейшеналиев жана ал жетектеген Саламаттык сактоо министрлиги өз дарегине айтылган сындарга азырынча комментарий бере элек. Аны менен байланышуу аракетибизден натыйжа чыкпады.

2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Быйыл 16-апрелде брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын билдирген. Журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин айткан. Бул окуядан кийин Жогорку Кеңеш ага ишенбестик көрсөтүп, кызматтан алууну сунуштаган.


Саламаттык сактоо боюнча эксперт Айбар Султангазиев министрдин ишине төмөнкүдөй баа берди:

“Биринчиден, бул министрге президент Садыр Жапаров ишеним көрсөтүп, ага "карт-бланш" берди. Андыктан ал жакын арада кызматтан кетпейт. Аны президенттен башка эч ким жумуштан ала албайт. Муну көпчүлүк түшүнүп турат. Ошол эле учурда Бейшеналиевдин кээ бир иштерин колдойт элем. Улуттук кардиология жана терапия борборунунда башаламандык орун алганы чын. Бирок туура эмес жол менен жасалып жатат. Анткени элге маалымат бербейт. Иштерин пландап жасабайт. Азырынча жетекчилерди алмаштыруу менен гана алек. Мунун жыйынтык берери белгисиз. Чынын айтканда, Бейшеналиевдин министрликтеги келечегин айтыш кыйын”.

Кызматтан алынган Акпай Сарыбаевдин ордуна Медет Бейшенкулов дайындалган. Бирок ал кызматтан өз калоосу менен кетүү тууралуу арыз жазган. Азыр Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун милдетин Мамараим Жумабаев аткарып жатат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG