Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

Султанбаев: Садыр Жапаров Путин менен аконит тууралуу сүйлөшкөн эмес


Эрбол Султанбаев. Президенттин басма сөз катчысы.
Эрбол Султанбаев. Президенттин басма сөз катчысы.

Президент Садыр Жапаров Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен аконит (уу коргошун) маселесин расмий сүйлөшүүлөрдүн алкагында талкуулаган эмес. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

26-майда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радионун" түз эфиринде сүйлөп жатып Садыр Жапаров Орусияда Владимир Путин менен уу коргошун тууралуу сүйлөшкөнүн айткан.

16-апрелде Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын колдонуп жатканын билдирген.

Министр тундурманы президент Садыр Жапаров экөө даярдап, дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган.

20-апрелде уу коргошунга ууланган төрт бейтап ооруканага оор абалда жеткирилген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана бир катар адистер коронавируска каршы дарылоодо уу коргошундун (аконит) пайдасы далилденбегенин эскертишкен.

Президент Садыр Жапаров Орусияда 24-25-май күндөрү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG