Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Бекешев: Президенттик администрациянын чыгымы азайган жок


Дастан Бекешов
Дастан Бекешов

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президенттик администрациянын чыгымы кыскарбай, 800 миллион сом бойдон калганын сындады.

Бул тууралуу ал 25-майда парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

"Экономиканын деңгээли 9,8% түштү. Донорлордон алган акча да бизге жардам бере албады. Коронавирустан эч кандай сабак алган жокпуз. Билим берүүнүн сапаты онлайн режимден улам өтө төмөн деңгээлге түштү. Дары-дармек менен камсыздоо колго алынган жок. Вирус менен күрөшүү үчүн курулган инфекциялык оорукананын жаңы имараты кычкылтек станциясы менен камсыз болгон эмес. Үнөмдөөнү үйрөнгөн жокпуз. Мамлекеттик маалымат каражаттарына 600 миллион сом, президенттик аппаратка жылына 800 миллион сом короп жатат".

Бекешев мындай пикирин Экономика жана финансы министринин орун басары Султан Ахматовдун отчетунан кийин айтты.

Ахматов отурумда донорлор пандемияга каршы күрөшкө 374,9 млн. доллар каражат (5,5 миллиард сом) бөлгөнүн, анын 3,8 млрд. сому бюджетти колдоого кетип, калган 1,6 млрд. сомуна "Тез жардам" автоунаалары жана жаңы медициналык жабдуулар алынганын маалымдаган.

Буга чейин Садыр Жапаров бийликте оптималдаштыруу болорун, чыгымдар кыскартыла турганын жарыялаган. (BCh)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG