Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Роухани: Шайлоого көбүрөөк талапкер катышууга тийиш


Ирандын президенттигине талапкерлер
Ирандын президенттигине талапкерлер

Ирандын президенти Хасан Роухани өлкөнүн жогорку көсөмүн эмки айдагы президенттик шайлоого катышууну каалаган саясатчылардын катарын кеңейтүүгө чакырганын айтты. Анын алдында Сакчылар кеңеши жети талапкерди жактырганын билдирген.

26-майда кабинеттин жыйынында Роухани шайлоодо чыныгы атаандаштыкка шарт түзүү үчүн көбүрөөк талапкерди тандоо керектигин айтты.

“Шайлоонун өзөгүн атаандаштык түзөт. Аны алып салсак, мааниси жок калат”, - деген президент Аятолла Али Хаменеиге маселени чечүүгө жардам берүүнү сурап кайрылганын кошумчалады.

Шейшембинин кечинде Ички иштер министрлиги кеңеш жактырган адамдардын тизмесин жарыялады. Бардыгы болуп 590 кишиден арыз түшкөнү кабарланган.

Белгилүү консерватор саясатчы, парламенттин мурдагы спикери, кийин Роуханиге ыктай баштаган Ари Ларижани, азыркы вице-президент, реформачыл Эсхак Жахангири жана экс-президент Махмуд Ахмадинежад электен өтпөй калышты. Кеңеш үмүткөрлөр кайсы критерийлердин негизинде тандалып-иргелгенин түшүндүргөн жок.

Сакчылар кеңеши буга чейин да байистүү саясатчыларды ат салыштан четтетип келген.

Салыштырмалуу байистүү позицияны карманган Роуханин өкмөтү 2015-жылкы эл аралык өзөктүк келишимди калыбына келтирүүнү көздөгөн сүйлөшүүлөргө катышып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG