Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:07

Бейшеналиев: Садыр Жапаров Путинге уу коргошун жөнүндө айтты


Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Президент Садыр Жапаров Москва иш сапары учурунда Орусиянын лидери Владимир Путин менен уу коргошун тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" түз эфирдеги маеги учурунда айтты.

"Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукканда ушул маселе тууралуу сөз болгон экен. Путин "Эгер бул каражат таасирдүү болсо, илимий негизде текшерип, коронавирус менен күрөшүүгө колдонууну карап чыгуу керек" деп айтыптыр".

Министр аконит менен дарылоо азыркы тапта уланып жатканын, каалоочуларга тундурма акысыз берилерин айтты.

16-апрелде Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын билдирген. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин айткан.

Министр тундурманы президент Садыр Жапаров экөө даярдап, дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган.

20-апрелде уу коргошунга ууланган төрт бейтап ооруканага оор абалда жеткирилген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана бир катар адистер коронавируска каршы дарылоодо уу коргошундун (аконит) пайдасы далилденбегенин эскертишкен. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG