Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

Асылбек Жээнбеков абактагы Мелис Аспековду сотко берди


 Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков жана анын агасы, экс-президент Сооронбай Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков жана анын агасы, экс-президент Сооронбай Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков тергөө абагында отурган активист Мелис Аспековду сотко берди. Депутат Аламүдүн райондук сотуна арыз жазганын "Азаттыкка" Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов бышыктады.

"Асылбек Жээнбеков Мелис Аспековдун айткан маалыматтарына байланыштуу кадыр-баркына доо кеткенин билдирип, арыз менен кайрылды" - деди Байгазиев.

Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы арыз ээси моралдык чыгым үчүн 1 миллион сом талап кылып, Аспековдон " Жээнбеков Садыр Жапаровго шайлоо өнөктүгү үчүн 10 млн. доллар берген" деген маалыматын төгүндөөнү талап кылып жатканын да ырастады.

УКМКнын тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына Садыр Жапаров шайлоо компаниясына Жээнбековдордун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган.

Ошол эле күнү Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров камакта жаткан активисттин билдирүүсүнө жооп кайтарып, экс-президент жалган жалаа жапканы үчүн Аспековду сотко бере турганын айткан.

Президент Садыр Жапаровдун маалымат кызматы Аспековдун бул билдирүүсүн төгүндөп, экс-президент Жээнбеков Жапаровдун шайлоо өнөктүгүн каржылабаганын маалымдаган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG