Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:07

COVID-19: 8 адам каза болду, 207 кишиде жаңы аныкталды


Бишкектеги санитардык коопсуздук чара.
Бишкектеги санитардык коопсуздук чара.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 26-майдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 8 бейтап каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1773​ кишиге жетти.

Вирус акыркы бир суткада оору дагы 207 кишиден аныкталды.

Расмий маалымат боюнча ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны 103 207 адам жугузуп алды. Жалпы айыгып чыккандардын саны 96 765 болду.

Учурда 1596 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 84 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG