Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Милиция үч жаштагы бала ур-токмоктон чарчап калганын кабарлады


Балдардын бут кийимдери. Сүрөт иллюстрация максатында колдонулду. Окуяга тиешеси жок.
Балдардын бут кийимдери. Сүрөт иллюстрация максатында колдонулду. Окуяга тиешеси жок.

Ысык-Көл облустук милициясы Жети-Өгүз районунда үч жаштагы бала токмоктон каза болгонун билдирди. Ал ооруканага эстен танган абалда жеткирилип, чарчап калган. Текшерүү маалында денесинде кан уюган жерлер аныкталган.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя 15-майда болгон. Баланы апасы кудачасына калтырып, Орусияга иштегени кеткен.

Наристени сабаган деген шек менен 33 жаштагы келин (кудача) кармалды. Факты Жоруктар кодексинин 65-беренеси ("Токмоктоо") менен иликтенүүдө.

Эки айга камакка алынган аял баланын талмасы кармап, тепкичтен кулап кеткенин айткан.

Соттук-медициналык экспертизанын баштапкы маалыматтарга ылайык, наристенин баш сөөгү жабыркаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG