Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

"Дело№..." басылмасы гезит катары чыкпай турган болду


Кыргызстанда белгилүү орусча "Дело №..." басылмасы кагаз түрүндө гезит чыгарууну токтотту. 26-майда гезиттин акыркы саны басылды.

Биринчи бетине гезит мындан ары чыкпай турганы белгиленип, редакция бул өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу экенин учкай жазды. Бирок себептери кеңири көрсөтүлгөн эмес. Учурда басылманын интернет сайты иштеп жатат.

Акыркы кездери эл аралык жана бейөкмөт уюмдарды сындаган макалаларды көп жарыялаган "Дело №..." гезитинин биринчи саны 1991-жылдын 7-мартында жарык көргөн. Кыргызстандагы көз карандысыз алгачкы басылмалардын бири катары гезит эл арасында көп окулган. Негиздөөчүлөрү - журналисттер Викто Запольский жана Светлана Красильникова.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссиянын маалыматына караганда, "Дело №..." гезити Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодексин тааныбаган жалгыз басылма.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG