Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Анжиян: ооруканадагы жарылууда кыргыз жараны каза болду


Ооруканада жарылуу болгондон кийинки көрүнүш.
Ооруканада жарылуу болгондон кийинки көрүнүш.

Өзбекстандагы ооруканада дарыланып жаткан кыргыз жараны газ жарылуусунда каза болду.

Кошуна өлкөнүн прокуратурасы окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Кыргызстандын Ташкенттеги элчилиги кырсыктын чоо-жайын териштирүүнү байкоого алды.

Соңку жылдары Кыргызстандын түштүк аймагынан Өзбекстандагы жеке менчик ооруканаларга дарыланууга баргандар көбөйдү. Жергиликтүүлөр муну жарнаманын көптүгүнө жана дарылануу салыштырмалуу арзан экенине байланыштырышат.

Адам өлүмү тууралуу расмий кабар жок

11-февралдагы жарылууда набыт болгон аял 56 жашта, Оштун Кара-Суу шаарынан Анжиян облусуна дарыланууга барган. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинен билдиришкендей, маркумдун сөөгүн ошол эле күнү туугандары үйүнө алып кетишкен. Бирок кошуна өлкөнүн расмий органдары адам өлүмү тууралуу маалымат бере элек.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 11 киши жаракат алганын, Кылмыш-жаза кодексинин 257-беренеси (эмгекти коргоо эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Киши өлүмү журналисттерге жөнүндө ошол бейтапканада иштегендер айтышкан.

Куткаруучулар кырсык болгон клиникада иштеп жаткан учуру. 11-февраль, 2022-жыл.
Куткаруучулар кырсык болгон клиникада иштеп жаткан учуру. 11-февраль, 2022-жыл.

"Азаттыктын" өзбек кызматы алган баштапкы кабарларга ылайык, Шахрихан шаарынын Каракөрпө конушундагы менчик ооруканада газ-аба аралашмасы жарылган.

Kun.uz сайты аталган бейтапканада газга байланыштуу кооптуу кырдаал жаралганын, колдонмолорун тезинен оңдоо боюнча кырсыктан бир апта мурун Шахрихан газ тейлөө ишканасы эскертүү бергенин жазды.

Күбөлөрдүн белгилешинче, үч кабаттуу “Зитерия” деп аталган диагностикалык жана дарылоо клиникасынын дубалдары урап түшкөн, жарылуунун үнү бир канча чакырым алыска угулган.

"Азаттык" ооруканадагы жарылуудан каза тапкан кыргызстандыктын жакындары менен байланыша алган жок.

Шахрихандык дарыгер жана блогер Атабек Ахлидинов Өзбекстандагы менчик клиникаларда коопсуздук маселеси орчундуу экени айтып, кыргызстандык жарандын өмүрү кыйылган бейтапкана жөнүндө мындай деди:

"Ал клиника өтө деле чоң эмес. Айрымдар каттап, кээ бирлер жатып дарыланышат. Бул жарылуу медициналык кызмат коммерцияга айланып, бирок бейтаптардын коопсуздугу көңүл сыртында калганы тууралуу маселени күн тартибине чыгарып койду", - деди Ахлидинов.

Өзбекстанда дарыланууну каалагандар көп

Соңку жылдары Өзбекстандагы ооруканаларга барып дарыланган кыргызстандыктардын саны көбөйгөн. Алардын бири Жалал-Абаддын Ноокен районунун тургуну Барно Алиева. Ал үч ай сайын Наманган шаарындагы жеке менчик бейтапканага дарыланууга барат:

"Биринчиден, жол жакын. Экинчиден, дарылануу биздеги ооруканаларга салыштырмалуу арзан. Ал жакта 10 күн жатамын. Өзбекстандын акчасына 500 000 сум, же биздин акчага которгондо 4000 сомдой каражат кетет. Андан тышкары, дарыгерлердин бейтапка мамилеси жакшы, табигый чөптөрдү көбүрөөк колдонушат".

Барнонун көзү ооруйт, үч айда бир жолу дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп турууга тийиш. Жалал-Абаддан же Бишкектен дарыланууга бери дегенде 10-15 миң сом короторун айтат.

Умида Мирзабаева
Умида Мирзабаева

Ошто журналист болуп иштеген Умида Мирзабаева аймакта кошуна өлкөнүн жыйырмадан ашуун телеканалы көрсөтөрүн, дээрлик баарында эртели-кеч Өзбекстандагы менчик клиникалардын жарнамасы берилерин билдирди. Мындан улам Анжиян, Наманган, Фергана облустарындагы жана Ташкент шаарындагы бейтапканаларга каттаган кыргызстандыктардын саны өскөн.

"Албетте, жарнаманын таасири күчтүү. Бейтаптарга мамиле дагы роль ойнойт эмеспи. Ал жактагы шарттар тууралуу уккандардардын саны улам өсүп баратат. Анүстүнө жарнамаларда жалаң бейтаптар сүйлөйт, жакшы болуп калганын айтып, дарыгерлерди макташат. Башканы айтпайын, менин үй-бүлөмдөн эле ушул жарнамалардан улам чоң энем, атам, апам Өзбекстанга барып дарыланып келишкен".

Нурхан Жумабаева
Нурхан Жумабаева

Саламаттык сактоо министрлигинин байкоочу кеңешинин мурдагы төрайымы Нурхан Жумабаева Кыргызстанда чет мамлекеттердеги менчик ооруканалардын рекламасы күчөгөнүн, Кыргызстандагы менчик медицина алардын жарнамасына теңтайлаша албай турганын белгиледи:

"Кыргызстанда да күчтүү дарыгерлер жана жакшы клиникалар көп. Бирок алардын колу-буту байланган. Салык, лицензия алуудагы төлөмдөр кымбат. Медицина бул - социалдык тармак. Аны өнүктүрүүгө мамлекет тараптан жеңилдиктер болбосо, медициналык туризм өнүкпөсө, жарандарыбыз оорусуна шыпаа издеп чет мамлекеттерге агыла берет".

Кайрадан Өзбекстандагы клиникадагы жарылууга келсек, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги баштапкы тергөө жүрүп жатканын, жагдай кыргыз элчилигинин көзөмөлүндө экенин кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG